Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:38

Баткендеги ички көзөмөл жайлардан дыйкандар кыйналып жатканы айтылды


Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Баткен облусунун район-шаарларынын ортосунда аткезчиликке каршы уюштурулган көзөмөл бекеттер жергиликтүү дыйкандарга түйшүк жаратып жатканын айтып чыгышты.

Депутат Миргүл Темирбаева Жогорку Кеңештин Агрардык саясат комитетинин көчмө жыйынын Баткен облусунун аймагында өткөргөн учурда дыйкандар ага даттанганын, жер семирткич жеткирүү маселеси оор болуп жатканын айтты.

“Азыркы учурда аймакта дыйкан-фермерлер жер семирткичтерге өтө муктаж. Депутаттарга, Жогорку Кеңешке дагы кайрылышты. Дагы бир аз убакыттан кийин жер семирткич зарылдыгы жоюлат. Азыр жеткирбесе кеч болуп, түшүмсүз калышат. Абалды эске алып, өкмөттүн колдоосу менен Лейлек районуна жер семирткич жөнөтүлдү. Бирок жүк бекетте азыр кармалып турат”, - деди депутат Миргүл Темирбаева.

Депутат Нурлан Ражабалиев да бул бекеттер элге түйшүк жаратып жатканын айтып, маселени карап чыгууну тиешелүү кызматтарга сунуштады.

“Бизге шайлоочулар улам кайрылып жатат. Мисалы, Чоң-Талаа айылындагы бекет ортодо эле жайгашкан. Жашоочулар мал базарга өтсө да, өрүгүн алып өтсө да маселе жаралып жатат. Ушул маселени кайра карап көрүш керек”, - деди Ражабалиев.

Баткен облусунун аймагында ички постторго байланыштуу маселе буга чейин да бир нече жолу көтөрүлүп, даттануулар болгон.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн аталган бекеттер 2021-жылдын 1-октябрында экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу максатында Министрлер кабинетинин төрагасынын токтому менен коюлганын билдиришкен. Жыл башынан бери 25 аткезчилик фактысы катталып, натыйжада 32 млн. сом казынага түшкөнү маалымдалган.

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын өткөн жылдын апрель айындагы куралдуу жаңжалдан кийин бир тараптуу жапкан. Мындан кийин аткезчилик токтобой жатканы айтылып, ага каршы күрөшүү талаптары жергиликтүүлөр тарабынан көтөрүлгөн.(JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG