Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Башкы прокуратура Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн мүлкү камалганын четке какты


Июнь коогасына байланыштуу саясатчылар Бектур Асанов, Исмаил Исаков жана Кеңешбек Дүйшөбаевге айып коюлган.
Июнь коогасына байланыштуу саясатчылар Бектур Асанов, Исмаил Исаков жана Кеңешбек Дүйшөбаевге айып коюлган.

Башкы прокуратура июнь коогасына байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кайсы бир адамдардын мүлктөрү камакка алынганы тууралуу маалыматты четке какты. Башкы көзөмөлдөөчү орган тараткан маалыматта "тергөөдө кылмыш иши боюнча текшерилип жаткан кишилерди Жазык-процессуалдык кодексинин негизинде тек-жайы, мурда соттолгондугу, аларга катталган мүлкү жана башка жагдайлар такталууга тийиш. Ошондуктан тергөөчүнүн ар кандай мамлекеттик органдарга берген суроо-талаптары бул мыйзамдуу көрүнүш жана ошондой суроо-талаптарды жиберуугө тергөөчү милдеттүү", -деп жазылган.

Мунун алдында айрым басылмалар өз булактарына таянып Башкы прокуратура 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн мүлктөрүн камакка алуу максатында аныктап-тактоо иштерин жүргүзүп жатканын жазган.

Өткөн аптанын аягында 2010-жылдагы июнь окуясына байланыштуу Башкы прокуратура Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Кеңешбек Дүйшөбаевге, Исмаил Исаковго жана Бектур Асановго айып койгон. Алар дооматтарды четке каккан.

Улуттук коопсуздук комитетт (УКМК) бир жыл мурда июнь каргашасы тууралуу козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген.

Анын алкагында атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров апрель айында күбө катары Башкы прокуратурага сурак берген.

Ошондой эле коогада жетекчилик кызматтарда турган, иликтеп-териштирүүгө катышкан баш-аягы 15 адам суракка кирип-чыккан.

2010-жылдын апрель айында Кыргызстанда нааразылык акцияларынан кийин бийлик алмашкан. Ошол жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыккан.

“Июнь окуясы” деген ат менен калган бул коогада расмий эсеп боюнча 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул киши ар кандай жараат алган. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG