Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:06

Мектептерде мындан ары апта башында жана аягында гимн ырдалат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 24-майда Баткенде аталган мекеменин көчмө жыйынында мындан ары мектептерде апта башталганда жана аяктаганда милдеттүү түрдө гимн ырдаларын билдирди. Министрликтин басма сөз кызматы бул демилге окуучулардын улуттук аң-сезимин, патриоттуулугун көтөрүүгө багытталганын маалымдады. Анда Бейшеналиевдин гимн тууралуу сунушу жыйында колдоо тапканы айтылат.

Гимндин алгачкы варианты үч куплет, бир кайырмадан турат. Бирок 2013-жылы улуттук символиканы өзгөртүү боюнча депутаттык комиссиянын сунушу менен гимндин экинчи куплетиндеги “бейкуттук” жана “досторуна даяр дилин берүүгө” деген мааниси талаштуу сөздөрдөн улам ал жери алынып салган. Бул өзгөртүү бир топ талаш-талкуу менен коштолгон.

Эрежеге ылайык, Кыргызстандын гимни ырдалганда жарандар оң колун жүрөктүн тушуна коюшат.

Алмазбек Бейшеналиев бул кызматка ушул жылдын февраль айында кайрадан дайындалган. Ага чейин, 2021-жылдын июнь айынан тартып Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы кеңсеси жана башка уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп иштеген.

Ал 2017-2018-жылдары өкмөт аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт боюнча бөлүмүн башкарган. 2020-жылдын октябрынан 2021-жылдын 5-майына чейин билим берүү жана илим министри кызматын аркалаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG