Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:40

Бишкек: Панфилов паркындагы кафеде өрт чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын так борборундагы Панфилов эс алуу багынын аймагында жайгашкан "Панорама" кафесинде 25-майда таңга маал өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт таңкы саат 8ден өткөндө толук өчүрүлгөнүн билдирди. Азырынча бул кырсыкка эмне себеп болгону белгисиз.

Былтыр шаардык прокуратура Панфиловдогу ижарага берилген тилкелерге байланыштуу материалдарды Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки териштирүү жүргүзүү үчүн шаардык милицияга жөнөткөн. Анын жыйынтыгы эмне менен аяктаганы тууралуу маалымат бериле элек.

Буга чейин аталган парктын ичиндеги курулуштар, аттракциондорго байланыштуу бир топ доомат-сын айтылган.

Бишкек шаарында жалпысынан 11 парк бар, алардын бир нечеси соңку жылдары ачылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG