Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү делген Умар Маратовдун иши сотто каралат


Үй камагына чыгарылган кылмыштуу топтун мүчөсү, «Казак» деген каймана аты бар Умар Маратовдун иши кайрадан Ош облустук сотунда каралмай болду. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Айпери Туратбек кызы "Азаттыкка" билдирди.

Маалыматка ылайык, прокуратура 2022-жылдын 1-февралында Умар Маратовду үй камагына чыгаруу боюнча Ош шаардык сотунун чечимине каршы облустук сотко апелляция менен кайрылган. Иш Ош облустук сотунун өндүрүшүндө каралып, жараян 9-июнга дайындалган.

Ички иштер министрлигинин атайын тизмесинде «уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү» катары каттоодо турган, «Казак» аттуу каймана аты бар Умар Маратов “Алдын ала сүйлөшүп алган адамдардын тобу тарабынан жасалган каракчылык” жана “Опузалап талап кылуу” беренелери менен айыпталган. Ош шаардык соту быйыл 1-февралда ишти кайрадан карап, биринчи айып боюнча ага 80 миң сом айып пул салат. Ал эми экинчи айып боюнча кылмыштын курамы далилденген жок деген негизде актаган.

Умар Маратов бир канча ирет «Уурулук» жана «Каракчылык» беренелери менен соттолуп чыккан. 2019-жылы октябрь айында 16 жаштагы кызды зордуктаган деген шек менен кармалып, быйыл 8-январда үй камагына чыгарылган. Кийинчерээк мындай чечим чыгарган судья кызматынан бошотулган. (AAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG