Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Орусия Украинанын Северодонецк шаарын басып алуу үчүн чабуулдарын күчөттү


Украинанын Луганск облусундагы Северодонецк шаары (кызыл чекит турган жер). Украинанын картасы. Google Maps сервисинен алынган скриншот.
Украинанын Луганск облусундагы Северодонецк шаары (кызыл чекит турган жер). Украинанын картасы. Google Maps сервисинен алынган скриншот.

24-майда Орусиянын күчтөрү Украинанын Луганск облусунда чабуулдарын кайрадан жандантты. Облустун губернатору Сергей Гайдай кабарлагандай, бул күнкү чабуулдан Северодонецк шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдү аткылоодон кеминде 4-5 адам өлдү. Ал орус армиясы бул чөлкөмдөгү аскерлеринин санын болжол менен 12 500гө чейин көбөйткөнүн айтты.

Британ Чалгын кызматынын маалыматына ылайык, орус аскерлери 100 миңдей калк жашаган Северодонецк шаарын басып алууга аракет кылып жатат. Мындан сырткары Лисичанск жана Рубежный айылдарын да талкалоого күч жумшоодо.

Орус армиясы өткөн аптанын аягынан баштап Украинанын чыгыш жана түштүк аймактарындагы чабуулдарын кайрадан күчөткөн. Артиллериялык, ракеталык жана авиациялык аткылоолор Луганск, Донецк, Николаевск жана Херсон облустарында үзгүлтүксүз уланып жатат. Украиналык аскерлер айрым жерлерде туруштук берип, Орусиянын күчтөрү кайра артка чегинүүгө аргасыз болгон.

Талдоочулар согуштук аракеттер созулуп кеткендиктен Орусия "чакан жеңиштерге" жетүүнү көздөп жатат деп баа беришүүдө. Өткөн аптада Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу орус күчтөрү Луганск облусуна көзөмөлүн орнотууга жакын калганын айткан.

Украинанын президенти Владимир Зеленский алдыңкы күндөрү айыгышкан кармаштар күтүп жатканын билдирди:

“Келерки апталар согуштун эң оор күндөрү болот, биз муну түшүнүшүбүз керек. Биз бизде согушкандан башка чарабыз жок. Күрөшөбүз жана жеңебиз. Өз жерибизди жана элибизди бошотуубуз кажет. Анткени баскынчылар биздин жөн эле бир нерсебизди эмес, болгон нерсебиздин баарын тартып алышканы жатат. Анын ичинде украиндердин жашоого болгон укугун да тартып алышканы калды”,-деди Зеленский.

Ал 23-майда Швейцариянын Давос шаарында башталган Дүйнөлүк экономикалык форумдун жылдык жыйынында онлайн катышып жатып, Орусия ушул мезгилге чейин Украинанын аймагында 1500 ракеталык жана 3000ден ашык абадан сокку жасаганын айтты.

Орусиянын Украинага басып киргенине 24-майда толук 3 ай болду. Президент Владимир Путиндин буйругу менен орус армиясы 24-февралда кол салган. Бул аралыкта эки тараптан тең миңдеген адам өлдү. 6,5 миллиондон ашуун тургун Украинаны таштап чыгып кетти. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG