Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:15

Иранда истребител кулап, эки учкуч каза болду


Иран АКШдан сатып алган F-5 үлгүсүндөгү истребители.
Иран АКШдан сатып алган F-5 үлгүсүндөгү истребители.

24-майда Ирандын Наин шаарында машыгуу миссиясын аткарып жаткан истребител кулап түштү. Мамлекеттик телеканалдар кабарлагандай, кырсыктан эки учкуч каза болду.

Иранда аскердик учактардын кырсыкка кабылган учурлары көп катталууда. 21-февралда Ирандын Тебриз шаарындагы мектептердин биринин стадионуна истребител кулап, эки учкуч жана кеминде бир жайкын тургун набыт кеткен.

АКШда жасалган F-5 үлгүсүндөгү истребителдерди Иран 1979-жылкы Ислам революциясына чейин сатып алган. Батыш өлкөлөрүнүн ондогон жылдар бою салынган санкциялары транспортко тетиктерди сатып алууга, жаңылоого мүмкүндүк бербей келген.

Ирандын Куралдуу күчтөрү мындан сырткары Орусиянын "МиГ" жана "Сухой" үлгүсүндөгү истребителдерин да колдонот. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG