Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:59

УКМК: кыргыз-өзбек чек арасында жашыруун тоннель табылды


Өзбекстандын чек арачылары. Архив сүрөт.
Өзбекстандын чек арачылары. Архив сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Телман айылынын аймагында Өзбекстанга өтчү жашыруун жер астындагы жол табылганын кабарлады.

“Бул тоннелдин тереңдиги 15 метр бийиктикте, кире бериши 1,8 метр, туурасы 1,5 метрге жакын, кире бериштен чек ара сызыгына чейин 40 метр, тоннелдин кире беришинен чыгуусуна чейинки аралык 270 метрди түзөт”, - деп айтылат маалыматта.

УКМКнын билдиришинче, бул жол табылган аймактын ээси учурда Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Жар шаарчасындагы психиатриялык ооруканада жатат, анын саламаттыгын дагы текшерүү үчүн кайрадан экспертиза жүргүзүлөт.

5-майда Ала-Бука районуна караштуу Актам айыл өкмөтүндөгү Дөбө-Коргон деген жерде Өзбекстандын чек арачылары кыргызстандык үч жаранга курал колдонуп, анын кесепетинен үчөө тең ооруканада каза тапкан. Коңшу өлкөнүн чек ара кызматы алардын мыйзамсыз түрдө минералдык жер семирткичтерди алып өтүүгө катышканын билдирген.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков парламенттин тармактык комитетинин 17-майдагы жыйынында өлкөнүн чек ара тилкелери толук тактала элек жерлеринде аткезчилик токтобой жатканын билдирген.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын жалпы узундугу жалпысынан 1378 чакырым. 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек аранын 1170 чакырымы (85%), андан бери дагы 13% жакыны такталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG