Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:30

Кыргыз-өзбек чек арасы: Чоң-Сайдын тагдыры кандай чечилет?


Камчыбек Ташиев менен Абдусалом Азизовдун жолугушуусу. 17-май, 2022-жыл.

Кыргызстан менен Өзбекстандын атайын кызматтарынын башчылары Камчыбек Ташиев менен Абдусалом Азизов 17-майда чек ара маселелерине байланыштуу жолукту.

Улуттук коопсуздук комитетинин билдиришинче, алар Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районундагы Көк-Таш айылындагы макулдашыла элек Гавасай (Чоң-Сай) тилкесин чогуу тик учак менен кыдырды.

Мындан туура бир жыл мурда Ташиев аталган тилкедеги 19 миң гектардан ашык жерди кайра кайтарып алуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген эле. Анын алдында жергиликтүү тургундар кыргыз тарап бул жердин сегиз миң гана гектарын кайтарып алып жатканына нааразы болуп чогулган.

Кыргызстандын атайын кызматы Камчыбек Ташиев менен Абдусалом Азизовдун чек арадагы жолугушуусу жөнүндө учкай гана маалымат таратты. Анда эки өлкөнүн башкы чекисттери "макулдашыла элек Гавасай тилкесин тик учак менен кыдырды. Тараптар тийиштүү маселелер боюнча өз ара пикир алмашты. Жолугушуу жылуу, достук маанайда өттү жана тиешелүү чечимдер кабыл алынды" деп гана айтылат.

УКМК жолугушуунун жыйынтыгында кандай чечим кабыл алынганын тактай элек.

Макулдашыла элек делген Гавасай тилкеси Ала-Бука районундагы Көк-Таш айылында жайгашкан жана жергиликтүү тургундар ал жерди илгертен эле жайыт катары пайдаланып келгенин айтышат. Аталган айыл аймагынын башчысы Абдибаит Азимовдун "Азаттыкка" билдиришинче, Ташиев бул жолу жергиликтүү тургундар менен жолуккан эмес.

"Ташиев келип, тик учак менен эле үстүбүздөн учуп өтүп, чек арага барып, ошол жактагылар менен жолугуптур. Бизге эч кандай маалымат берилген эмес. Карта тууралуу айта турган болсом, ал жерди азыр Гавасай деп атышат, картага ошондой аталыш менен түшүп калган, негизи ал жер Чоң-Сай деп эле аталат. Ал дарыя айылды аралап өтүп кетет. Анын узундугу, биздин аймактан өткөн жери болжол менен 30 чакырымды түзөт. Арап деген жерди 19 миң 230 гектар тилке макулдашылбай, ошол жер талаш болуп жатат. Ошол жер биздин жайытыбыз. Аны бүгүнкү күндө да пайдаланабыз. Анан ал жерге өзбектер догурунуп эле келип алат. Болбосо биздин мал илгертен эле кышында да, жайында да ошол жакта жайлайт. Азыр ал жерде биздин дагы, өзбектердин дагы жоокерлери турат. Чек ара чечилмейинче биз башкалардын малын жайдыртпайбыз. Аксакалдардын айтымында, негизи чек ара Ак-Кырча деген жерде, тоо кыркалары менен бөлүнгөн. Ошол жерлерге чейин эле биздин мал ээн-эркин эле жайылып жүргөн. Өзбек тарап бул жерлерди жакындан бери эле талашып жатат".

Былтыр апрель айында Көк-Таш айылынын тургундары чек арага байланыштуу нааразы болуп чогулган. Буга Ташиевдин Гавасай тууралуу билдирүүсү негиз болгон. Анда Ташиев Ташкенттеги чек ара сүйлөшүүлөрүндө Жалал-Абад менен Өзбекстандын Наманган облустары чектешкен жердеги Гавасай деген тилкеден сегиз миң гектар жер Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Жергиликтүү тургундар 19 миңден ашык гектар жердин баары Кыргызстанга таандык экенин айтып, ал толугу алынышы керектигин талап кылышкан. Мындан улам Ташиев Көк-Ташка барып, талаштуу деген тилкеге байланыштуу түшүндүрмө берген.

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

"Азыр кыргыз-өзбек чек арасында эки чоң маселе калды. Бул - Кемпир-Абад суу сактагычы менен ушул Чоң-Сай жери. Муну өзбектер Гавасай деп коет экен. Биздин чоң аталарыбыз болсо Чоң-Сай деп атап жүргөн жер экен. Чоң-Сай жерин кантип кайра өзүбүзгө алабыз деген маселенин үстүнөн комиссия көп иштеди. Биздин колубузда эки-үч рычагыбыз бар. Эсиңерге тутуп койгула, ушуну менен бүтөт экен дебегиле, биздин бир рычагыбызга ылайык. Сол жээк каналын Чоң-Сайга койдук. Ошол жерден бизге 15 миң гектар жерди бөлүп бересиңер дедик. Биз ал жер 19 миң 200 гектар жер экенин билебиз. Бирок алар буга макул болбой талашып-урушуп отуруп, сегиз миң гектар жерге түштүк. Алар ошол 19 миңден ашык гектар жердин сегиз миңин берүүгө макул болду. Азырынча бир рычагыбыз менен ошол сегиз миң гектар жерди алсак, калган экинчи, үчүнчү рычагыбызды колдонсок, буюрса ошол 19 миңден ашык жердин баарын толугу менен алабыз деген үмүттө протоколго кол койгонбуз. Бул жердеги 19 миң 200 гектар жер биздики экенин билебиз".

Ташиев бул тилке кайсы маалда, кандай жагдайда Өзбекстанга карап калганы тууралуу дагы кеңири түшүндүрмө берген. Ал документтерде ижарага берилген мөөнөтү жазылбай калганын белгилеген.

«Биз архивдеги документтердин баарын көтөрүп чыктык. Ошол маалда колхоздун башкармасы Раззаковго жана Сүйөркуловго арыз жазган экен. Ошол жерде биздин жерибизди алгыла, аны кармап туруп салык төлөй албайбыз деп суранышкан экен. Ошону менен 19 миң 200 гектар жерди өткөрүп беребиз деп чечим кабыл алышат. Бул жер ошентип Өзбекстанга өтүп кеткен экен. Бул жерди убагында ушул жерди башкарган жетекчилер, эл-журт өздөрүнүн каалоосу менен берген экен. Бул 1956-1957-жылдары болгон окуя. Эч кандай мөөнөт чектелген эмес, 90 жылга ижарага берилди, андай-мындай дегени жазылган эмес. Бул документтер бизде дагы, өзбектерде дагы бар. Бирок бул жерди сактап кала турган бир жагдай бар. Колхоздо ошондой чечим кабыл алыныптыр, аны райондук кеңеш да, облустук кеңеш да бекитип бериптир. Бирок аны Биздин дагы, өзбектердин дагы, СССРдин дагы Жогорку кеңештери бекитип берген эмес экен. Биз ушунун негизинде бизге 19 миң 200 гектар жерди кайтарып беришиңер керек деп айтып жатабыз. Убагында бергенибиз менен ал баардык жол-жободон өткөн эмес экен. Ошондуктан булар менен талашып-тартышканга ушул жерден мүмкүнчүлүк жаралып жатат. Мен ушул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбайм», - деген Ташиев.


Көк-Таш айылдык кеңештин төрагасы Бекболот Нышанов бул тилкеде ок атылган окуялар катталганына токтолду. Чоң-Сайда алтын кени бар деген маалыматтар бар экенин айтты.

"Бул жер бир эле жайыт эмес, кен-байлыктын, алтындын дагы запастары бар деген сөздөр бар. 2008-2009-жылдары ошол жерге биздин балдар барып, талааны айдап, эгин эгебиз дегенде Өзбекстандын чек арачылары келип атып салып, алар майып болуп калышкан. Эки-үч тургунду да кармап кетип, Өзбекстанга алып барып кайра кайтарышкан. Ушундай окуялар да орун алган. Ошондон бери андай окуялар кайталана элек. Чек ара боюнча мындан эки айдай мурун райондун кадастр бөлүмүнөн, администрациядан жана милициядан келишкен. Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Жакында, өткөн айдын 20сында районго губернатор келди. Ага дагы биздин чек арабызды чечип берсеңер болот эле деп айттык. Ал жерден Өзбекстан такыр көрүнбөйт, бардык жери тоо. Ошол тоонун алды эле биздин айыл. Ата-бабаларыбыз малын жайып, коюн жайып эле жүргөн жерлер".

Ала-Бука районунун акими Нурбек Сатаров "Азаттыкка" кооментарий берип жатып, аталган тилкеге байланыштуу өкмөттөр аралык комиссиянын чечимин күтүп жатышканын билдирди.

"Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн комиссиясы бар, ошолор карап жатат. Жалпы кырдаал тынч. Биз тараптан сунушталып жаткандар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Такталбаган тилкелерде биздин жарандар өздөрүн кандай алып жүрүшү керектиги баары түшүндүрүлүп айтылган. Чек ара боюнча маселе жок азыр. Такталбаган тилкелер чечилгенден кийин ошого жараша иш алып барабыз дегенбиз. Чечимди биз дагы күтүп жатабыз. Ал комиссиянын курамында мен жокмун, тиешелүү кишилер иштеп жатат".

Былтыр мартта Ташкентте эки өлкөнүн башчылары чек ара маселелерин эң кеч дегенде үч айда чечүүнү макулдашкан. Андан кийин Өзбекстандын борборуна Камчыбек Ташиев барганда чек ара маселеси аймактарды алмашуу принциби менен каралып чыкканын жана 100% чечилгенин айткан. Анда Гавасайдан сегиз миң гектар жер алуудан сырткары Кемпир-Абад суу сактагычы, Шахрихансай каналы, Көк-Серек, Баястан, Ак-Таш, Үңкүр-Тоо жана Кара-Белес тилкелерин тактоодон өткөрүү макулдашылганын билдирген.

Ташкент сүйлөшүүлөрүнөн көп өтпөй эле Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычынын плотинасын Өзбекстанга берүү тууралуу макулдашууга каршы бир канча күн нааразылык акциялары өткөн. Анда расмий Бишкек плотина тууралуу макулдашуусунан баш тартарын жарыялаган.

Ушул айдын башында Бишкекте кыргыз-өзбек чек арасын тактоого байланыштуу жумушчу топтордун алгачкы жолугушуусу өтүп, анда демаркацияны жөнгө салган документтин долбоору талкууланган. Кийинки жолугушуу Ташкентте өтөрү айтылганы менен датасы беймаалым.

Эки өлкөнүн ортосундагы чек аранын узундугу жалпысынан 1378 чакырым. 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек аранын 1170 чакырымы (85%), андан бери дагы 13% жакыны такталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG