Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:18

Чек ара: Бишкек Ташкенттен түшүндүрмө талап кылат


Өзбекстандын чек арачыларынын огунан каза болгондордун тажиясы болуп жатканда тартылган сүрөт. Дөбө-Коргон айылы. 6-май, 2022-жыл.
Өзбекстандын чек арачыларынын огунан каза болгондордун тажиясы болуп жатканда тартылган сүрөт. Дөбө-Коргон айылы. 6-май, 2022-жыл.

Кыргызстан Өзбекстандан чек арада өлүм коштогон окуяга түшүндүрмө талап кылды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы 6-майда билдиргендей, эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүп, окуянын чоо жайын талкуулашты.

"Кыргызстандын чек ара өкүлү өлкө аймагындагы мамлекеттик чек ара сызыгынан 50-55 метр алыстыкта гильзалар жана кандын издери табылганын белгилеп, Өзбекстандын чек ара кезмети мамлекеттик чек араны бузуп кирип, Кыргызстандын жарандарына каршы курал колдонгондугунун себептерин түшүндүрүүнү талап кылды. Мындан тышкары, кыргызстандыктар каза болгон жерден 80 метр алыстыкта 2000 кг. селитра табылган", - деп айтылат маалыматта.

Өзбекстандын чек ара өкүлүнүн маалыматына караганда, кыргыз жарандары чек арадан мыйзамсыз түрдө минералдык жер семирткичтерди алып өтүүгө катышканы аныкталган. Кармоого аракет жасалганда алар өзбек аскерлерине таш атып, Кыргызстандын аймагына сүйрөп өтүүгө аракет жасашкан. Өзбек чек арачыларынан версиясына ылайык, аскерлер айласыздан күч колдонгону айтылат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар төмөндөгүдөй чечимге келишти:

  • Чек арачылардын көзүнчө мамлекеттик чек араны атайлап эмес бузган учурда курал колдонууга кескин түрдө тыюу салуу;
  • Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы чек арачылардын жүрүм-турумун сактоо боюнча эки тараптын өздүк курамы менен кошумча биргелешкен сабактарды өткөрүү;
  • Кыргызстандын Ала-Бука жана Өзбекстандын Янги-Курган багыттары боюнча чек ара өкүлдөрү бардык көйгөйлүү аймактарда мамлекеттик чек араны кайтарууну уюштуруунун тартибин аныктоо.

Мындан тышкары чыр-чатактарды болтурбоо боюнча эки чектеш жайгашкан аймактардын жергиликтүү жашоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Чек арада атылган октон 1974-жылы туулган киши жана анын 1998-жылы жана 2000-жылы туулган балдары каза тапты. Алардын сөөгү 6-майда Ала-Бука районуна караштуу Актам айыл өкмөтүндө жерге берилди.

Чек арачылардын огунан уулдары менен кошо каза тапкан кишинин эжеси Малика Ахмаджанова иниси алты ай мурда эки уулун чогуу үйлөнткөнүн айтып ыйлады.

“Эки уулу менен кетти. Балдар жаш эле. Алты ай мурун экөө тең бир күндө үйлөнткөн. Кызы жок эле, кыз келди деп сүйүнүп, чоң той берген. Атып койду деп уктум. Кайсы жерден атканын түшүнбөдүм”.

5-майда окуя катталгандан кийин чоо-жайын тактоо максатында Ала-Бука багыты боюнча чек ара өкүлү Өзбекстандын Янги-Курган багыты боюнча чек ара өкүлү менен жолугушуу өткөргөн. Анда тараптар ички иликтөөлөрдүн жыйынтыгы менен жолугушууну 2022-жылдын 6-майында улантууну макулдашкан.

Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын маалымдашынча эки тарап эки башка версияны айтууда.

“Эки өлкөнүн чек арачылары болгон окуя боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Сүйлөшүү аяктамайынча эч кандай маалымат бере албайбыз. Эки тараптын бири-бирине такыр дал келбеген эки бөлөк версиясы бар”.

Ала-Бука чек ара отрядынын командири Нурлан Эралиев окуя тууралуу буларды айтты.

"Окуя болгон жер Кыргызстандын аймагы. Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип атканы боюнча тергөө жүрүп жатат. Сүйлөшүү уланууда. Өлгөн жарандар дагы аткезчилик менен алектенген болушу мүмкүн. Азыр 40 мүшөк селитра табылды".

Нурлан Эралиевдин айтуусунда, ок атылган жердеги чек ара тилкелери такталган. Сүйлөшүүгө келген өзбек расмийлери чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип барып ок атканын моюнуна алып, учурда протокол түзүлүп жатат.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 5-майда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Актам айыл өкмөтүндөгү Дөбө-Коргон деген жерде Өзбекстандын чек арачылары кыргызстандык үч жаранга курал колдонуп, анын кесепетинен үчөө тең ооруканада каза тапканын билдирди.

Актам айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Камчыбеков акыркы беш жылда мындай окуя болбогонун айтты.

“Азыр Чек ара кызматы сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Аскерлер окуя болгон жерди курчап койгон. Жер Кыргызстанга карайт. Мен беш жылдан бери айыл өкмөт болуп иштейм. Мындай окуя биринчи жолу болуп жатат”.

Буга чейин 5-апрелде Кыргызстандын эки жараны, бир туугандар өзбек чек арачыларынын огунан каза тапкан. Алардын Өзбекстандын аймагына мыйзамсыз жүк киргизип жатканы кабарланган. Окуя Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Дейрес айылына жакын жерде болгон.

Алабукалык активист Шайырбек Стамкулов аткезчилик кылып окко учкан кыргызстандыктар бул кадамга аргасыз барып жатат деп эсептейт.

“Азыр айылда жер семирткич жок болуп жатат. Анан эмне кылыш керек? Өзбекстандан аткезчилик менен арзан алып келебиз деп, ушундайга туш болуп калышты. Атасы менен эки баласы каза тапты. Эми жаман эле да. Ал жерде чек ара такталган. Биздин өкмөт "ок атылбасын" деп катуу сүйлөшсө болот да. Буга чейин дагы атып салышты эле. Кыскасын айтканда, биздин өкмөт жакшы сүйлөшө албай жатат”.

Чек ара кызматы бул иш боюнча иликтөө иштери атайын укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилгенин, иштин жагдайларын ачык айта албасын айтууда.

Окуяга байланыштуу 6-майда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов телефон аркылуу байланышып, чек арада адам өмүрү кыйылган окуяны талкуулашканы маалым болду. Расмий Бишкектин кабарлашынча, алар мындан ары чек арада терс окуяларды болтурбоо үчүн биргелешип аракет көрүүнү сүйлөшкөн.

Эксперт Шерадил Бактыгулов кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери бүткөнүн, саясий эрк көрсөтүп чечмейинче, мындай окуялар кайталана берерин белгиледи.

“Өзбекстандын чек арачылары уставдарын катуу кармайт. Биздин чек арачылар гуманитардык принцип менен кайтарат. Ок атууну акыркы кадам катары көрөт. Адамгерчилик, коңшулук мамиле болуш керек да. Бардыгын тергөө аныктайт, бирок эл аралык тажрыйбада чек ара такталбаган учурда аны бузган адам өтө чоң коркунуч жаратпаса, ок атуудан карманыш керек. Чек араны тактап кылымдардан келаткан соодага жол ачыш керек. Чөлкөмдөгү чек аралар элдин жашоосуна жасалма тоскоолдук жаратып келет. Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча жумушчу топтор бардык иштерди бүтүргөнү, саясий эрк гана керек экени айтылып жүрбөйбү”.

Кыргызстан төрт мамлекет менен чектешет. Кытай жана Казакстан менен чек арасы толук такталып бүткөн. Тажикстан, Өзбекстан менен чек араны тактоо боюнча иштер улантылууда. Кыргыз-тажик чек арасында маал-маалы менен чек ара чатагы чыгып келет. Былтыр апрелдин аягында кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу жаңжалда эки тараптан биригип 50 адамдын өмүрү кыйылган.

Кыргыз-өзбек чек арасында акыркы жылдары чек арада чыр-чатак катталган эмес.

Мындан бир күн мурда, 5-майда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы жана Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациясынын башчысы Камчыбек Ташиев чек ара маселеси боюнча жыйын өткөргөн.

Анда Ташиев Кыргызстандын кызыкчылыктарын эске алуу менен иш жүрө турганын жана коңшу мамлекеттердин делегациялары менен сүйлөшүүлөр туруктуу негизде өтүп жатканын белгилеген.

Расмий маалыматка караганда, жыйынга кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациясынын туруктуу мүчөлөрү катышкан. Анда кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери талкууланган.

Былтыр март айында Садыр Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барган жана жыйынтыгында 22 документке кол коюлган. Эки өлкөнүн лидерлери чек ара маселелерин эң кеч дегенде үч айда чечүүнү макулдашкан.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85%), андан бери дагы 13% жакыны такталган.

Кыргыз-өзбек чек арасында буга чейин дагы аткезчилик жана чек араны мыйзамсыз кесип өттү деп курал колдонулган учурлар катталган. Аткезчилик менен соода кылуу эки өлкө ортосундагы тактала элек чек ара тилкелеринде, көбүнесе калктуу аймактар аркылуу өткөн транзиттик жолдордо болот деп айтылып жүрөт. Бир учурларда Өзбекстан Кыргызстан менен чектеш тилкелерине аңдарды казып, дал ушул аткезчиликке жол бербөө максаты менен чек араларын катуу кайтарууга алган эле.

Эки өлкөнүн чек арасында жалпысынан 15 өткөрмө бекет бар. Алардын көбү 2005-жылы Кыргызстандагы саясий окуялардан улам жабык турду. Расмий Бишкек менен Ташкенттин мамилелери 2016-жылдан бери жакшыра баштагандан тарта гана ал бекеттер кайра ачыла баштаган.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG