Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:39

Кыргыз-тажик чек арасын тактоодо жылыш бар


Кыргыз-тажик чек арасы, Ак-Сай айылы. Апрель, 2013-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасы, Ак-Сай айылы. Апрель, 2013-жыл.

Кыргыз-тажик президенттери эки мамлекеттин чек арасынын 660 чакырымдан ашыгы такталганын жарыялашты.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 16-апрелде Фейсбуктагы расмий баракчасына кыргыз-тажик чек арасынын 664 чакырымы такталганын билдирсе, 17-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Исфара районундагы сапарында аны ырастады.

Садыр Жапаров өзүнүн билдирүүсүндө, Тажикстан менен чек арага байланышкан маселеде жылыш бар экенин, бирок тактоо иштери жай жүрүп жатканына токтолду.

“Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 км. чек ара тилкеси бар. Анын 664 км. тилкесин такташып бүттүк. 308 км. калды. Албетте, иштер тез жүрүп, баарын эртерээк такташып алсак жакшы болмок. Бирок менин көз карашымда иштер жай жүрүп жатат. Себеби, бир топ тилкелерде талаштуу жерлер калды. Эң негизгиси тынчтык болсо баарын эки тараптуу кызыкчылыкты эске алуу менен чечишип алабыз”,-деди президент.

Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон да жекшембиде Исфарадагы сапары учурунда тилкелерди тактоо иши алдыга жылганын белгиледи.

"20 жылдын ичинде 987 чакырым чек аранын 663,7 чакырымы же 68,4% макулдашылды",- деген Рахмон чек ара маселеси, анын демаркациясы татаал, көп убакытты, адистердин ишин талап кылган жараян экенин айтты.

“Тажикстан эки тараптын тең улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен маселелерди чечүү жолдорун табуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек деген ойду бекем карманат. Андыктан Исфаранын тургундарынын эсине дагы бир жолу салам: кошуналар менен өз ара түшүнүү, жакшы кошуналык маанайда жашоо керек, достук, кызматташтык куруп, сабырдуу болуп, эмоцияга алдырбоо зарыл”, - деди Рахмон.

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталган. 2010-жылдарга чейин жалпы миң чакырымга жакын чек аранын 519 чакырымы боюнча орток пикир табылганы айтылган. Бул документ Жогорку Кеңешке ратификацияга кирмей болуп, улам артка жылып келүүдө.

Өткөн жылдын апрель айындагы куралдуу кагылыштан кийин эки тараптын чек араларды тактоо боюнча жумушчу тобу үзгүлтүксүз иш жүргүзүп, акыркы алты айда жылыштар болгону кабарланган. Бирок, чек аранын кайсыл бөлүгү такталды, кайсыл участокто иш жүргөнү ачык айтыла элек.

Эки тараптуу комиссия негизинен калк жашабаган аймактарда ишти дээрлик бүтүрүп, айылдардагы эл аралашып калган участоктордо жумуш уланышы керектигин билдирүүдө. Калктуу аймактарда чырга себеп болгон тактала элек тилкелер көп.

Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев сүйлөшүүлөрдө жылыш бар экенин, бирок кээ бир маселелер ачыкталбай турганын маалымдады.

“5-апрелден 10-апрелге чейин Дүйшөмбү шаарында болуп келдим. Жарым жыл мурун такыр жылыш жок эле, азыр жылыш болуп, бир пикирге келип, чек аралар бир аз такталды. Ушуну менен кетсек, жакшы эле болот. Сүйлөшүүнүн деталдары тууралуу айта албайм. Бизде жарыялабай иштейли деген макулдашуу бар”.

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун соңку жолугушуусу апрелде Тажикстанда өткөн. Эки өлкөнүн чек араларын тактоочу топтун олтуруму кезек-кезеги менен эки өлкөдө өтүп турат.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев чек аранын бир жаңсыл такталып бүтпөгөнү ар кандай чыр-чатактарга себеп болууда деп эсептейт.

“Кыргыз-тажик чек арасындагы кичинекей эле бир нерсе чоң чырга айланып кетиши толук мүмкүн. Акыркы чыр-чатак да чоң жанжалга айланып кетип кала жаздап, араң токтотулду. Жергиликтүү деңгээлде, облустук деңгээлде жоолугушуу, аракеттерибиз ошол чырлардын алдын алуу максатында иштеп жатыбыз. Эң биринчи кезекте чек аранын такталбаганынан келип чыгып жатат ушул маселелер. Жөнөкөй чек арачы аскерлерибиз кайтарып жатат. Чек ара так болсо эрежени, чек ара сызыгын бузбай кызмат өтөшөт”.

Байкоочулар тактоо иштерин тездетүү зарылдыгын улам кайталап келишет. Алардын пикиринде, чыңалуунун узакка созулганынан улам чек арага жакын жайгашкан айылдардын жашоочулары коопсуз жактарга көчүп кетип, кошуналардын жылма миграциясы да күчөшүнө алып келүүдө. Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Токон Мамытовдун оюн угалы:

“Бир топ жыл кошуналар башканы, биз дагы башка картаны көтөрүп жүрө беришибиз мүмкүн. Бирок аларды кепке келтире турган, сүйлөшүүгө чакыра турган бир топ жолдор бар. Анан чек араны тактоо көпкө созулуп кетти деп кооптонуунун кереги жок. Дароо чечишибиз керек деп, жерлерди берип салуунун да кереги жок. Жергиликтүү элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын эске алып,шашпай жолдорун карап чечишибиз керек. Чек арасы так эмес бизден башка да дүйнөдө көп өлкөлөр бар”.

Чек ара чырларын иликтеп жүргөн, мурдагы аким Хаитали Айкынов Баткендин эли чек ара чатактарынан кооптонуп, маселенин чечилишин күтүп жатканын белгиледи.

“Сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет” дегендей болуп жатышса керек. Чек арада жылыш болду, такташтык, алмашабыз дегендей сөздөр айтылып, бирок ишке ашпай калганда эл да нааразы болуп, ишеним жоголгон. Ошондуктан эки тараптан ратификациядан өтүп мыйзамдуу болгонго чейин майдалап айтыштын кереги жоктур. Бирок эл да тажап бүттү чек ара талашынан. Тезирээк эле чечилсе, бир жаңсыл болсо деп калышты. Элге жолугушуунун жыйынтыгы менен орток пикир бар, жылыш бар деп айтып туруу керек. Элдин күткөнү ушул да. Ушул иштер бүтсө биз тынч жашап калабыз деп ушул жумушчу топтун аракетин эле күтүп турушат да. Анан ири алмашуулар болсо же дагы башка өзгөрүү болсо элге туура түшүндүрсө, эл да туура эле кабылдайт. Ошону негиздүү кылып эле түшүндүрө алыш керек".

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөрдө кээ бир участокторду алмашуу жолу да каралганы айтылып, мындан беш-алты жыл мурда Жогорку Кеңешке материал даярдалганы айтылган. Кийин маселе көтөрүлбөй кала берген. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Баткен облусунун мурдагы губернатору Карамат Орозова чек араны толук тактоо дагы бир топ убакытка созулуш мүмкүн деген пикирде:

“Биз азыр кайсыл жер канчалык такталды деп, так айталбайбыз да. Дагы калганы качан такталып бүтөт? Ага чейин жасай турган иштер турат. Казакстандын тажрыйбасын алып, эң олуттуу маселеси бар жерлерди мамлекеттик камсыздоого алып, аскердик шаарчаларды түзүш керек. Ошол жерлерде коргонууну күчөтүш керек. Бизге эң башкысы коргонуу менен элге коопсуздукка кепилдик керек. Антпесе, эл улам ал жерден кете берсе бош жерге кошуналар кызыгат да. Тактоо созулган сайын сызык өзгөрө бериши мүмкүн деп жергиликтүүлөр кооптонушат. Ошондуктан тактоо кезеги келгенге чейин азыркы элди, азыркы чек араны ошол жерде кармап туруу керек. Ал үчүн мамлекет анча мынча каржатын аябаш керек. Аскердик жактан да экономикалык жактан да камкордукту күчөтүш керек”.

Кыргыз-тажик чек арасында акыркы сегиз жылдан бери майда-барат тирешүүлөрдүн курал колдонуу менен коштолгону көндүм көрүнүшкө айланып жатат.

Мындан толук бир жыл мурда, 28-29-апрелде кыргыз-тажик чек арасында кандуу кагылышуу болгон. Эки тараптан тең аскерлер менен бирге эле жарандар жабыркап, ондогон адамдар өмүр менен кош айтышып, жүздөгөнү жарадар болуп, турак жай, мектептер жана башка курулуштар талкаланып, өрттөлгөн.

Быйыл 27-январда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атышууга чейин жетти. Кыргызстандан жалпысынан 12 жаран жараат алса, Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны набыт болуп, дагы 10 адам жараат алганын жазып чыкты.

12-апрелдин кечинде кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болду. Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы соңку чыр-чатакта жалпы алты кыргызстандык жараат алганын билдирген.

“Азаттыктын” тажик кызматы чырда жараат алган Тажикстандын 27 жаштагы чек арачысы 13-апрелде ооруканада каза болгонун жазган.

Бул жолу да тараптар бири-бирин айыптаган билдирүүлөрдү жасады. Окуя боюнча кылмыш иштери козголду.

Бул окуялардан кийин эки тараптын расмий өкүлдөрү бир нече ирет жолугуп, кырдаалды талкуулап, чек арада коопсуздукту сактоону, курал колдонбоону макулдашканы кабарланган. Алды менен чек арадагы элдин чарбалык иштерин чечүү үчүн биргелешип иштөө аракеттери көрүлүп жатканы айтылып жаткан эле. Ошого карбай ортодо кайрадан курал колдонгон жаңжалдар чыгып кетүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG