Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Кыргыз-тажик чек арасы: макулдашуудан кийинки чыр


Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу эки тараптуу сүйлөшүү аяктады. 13-апрель, 2022-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу эки тараптуу сүйлөшүү аяктады. 13-апрель, 2022-жыл.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу эки тараптуу сүйлөшүү аяктаганын билдирди. Эки өлкөнүн кеңири курамдагы делегацияларынын жыйыны ок атышуу болгон аймакта - Лейлек районундагы Селкана тилкесинде өттү. Тараптар чек арага тартылган кошумча күчтөрдү алып кетүү, кырдаалды жайгаруу боюнча сүйлөштү.

“12-апрелде кечинде кабыл алынган макулдашуулардын аткарылышын талкууладык. Биринчи маселе, эки тараптан кошумча тартылган куралдуу күчтөрдү мурдагы ордуна кайтаруу иштери жүрө баштады. Аскер прокуратурасы бул окуяны иликтеп жатат. Канибадам-Кожент трассасынын чек араны бөлүп турган участогун эки тараптын милициясы биргелешип кайтарууну колго алышты. Элге түшүндүрүү чараларын эки тарап өз-өзүнчө жүргүзмөй болдук”, - деди Абдикарим Алимбаев.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев. 13-апрель, 2022-жыл.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев. 13-апрель, 2022-жыл.

12-апрелдин кечинде кыргыз-тажик чек арасында эки жолу ок атышуу болду. Кыргызстандын расмий маалыматына караганда, алгач Лейлек районунун Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу катталды.

Тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёттон аткылаганы маалымдалды.

Саламаттык сактоо министрлиги Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку ок атышууда Кыргызстандын эки жараны, бир жоокер менен жергиликтүү тургун жараат алганын билдирген. Жергиликтүү тургунга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин анын абалы канааттандырарлык болгондуктан, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Ал эми жоокердин абалы орто, анын бутуна, санына жана таманына октун чачырандылары тийген.

“Азаттыктын” тажик кызматы жеке булактарына таянып, анда Тажикстандын 27 жаштагы жоокери жараат алып, операция жасалып жатканын жазды.

Кыргыз тарап “Лейлек районунун Селкана аймагында коңшу мамлекеттин чек арачылары Кыргызстандын аймагына жыйырма метрдей кирип келгенин" расмий билдирген. Алар “чек ара сызыгынан өтпөгүлө" деген эскертүүгө баш ийген эмес.

"Кыргызстандын чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок аткан. Жооп катары тажик чек арачылары Кыргызстандын аскерлерине ок чыгарган",- деп айтылат Чек ара кызматы тараткан маалыматта.

"Чыр-чатакты болтурбоо үчүн чек араны тактоо зарыл"

Айрым серепчилер чек ара такталбаса, мындай чыр-чатактар улана берет деп эсептейт. Чек араны тактап, аныктоо боюнча иш алып барган эки тараптуу комиссия негизинен калк жашабаган аймактарда ишти дээрлик бүтүрүп, айылдардагы эл аралашып калган участоктордо жумуш уланышы керектигин билдирген. Калктуу аймактарда чырга себеп болгон талаштуу жерлер бар.

Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев сүйлөшүүлөрдө жылыш бар экенин билдирди.

“5-апрелден 10-апрелге чейин Дүйшөмбү шаарында болуп келдим. Жарым жыл мурун такыр жылыш жок эле, азыр жылыш болуп, бир пикирге келип, чек аралар бир аз такталды. Ушуну менен кетсек, жакшы эле болот. Сүйлөшүүнүн деталдары тууралуу айта албайм. Бизде жарыялабай иштейли деген макулдашуу бар”.

Кыргызстан география коомунун президенти, профессор Саламат Аламанов чек араны тактоо боюнча орток пикирге келүүгө тажик тарап кызыкдар болбой жатат деген ойдо.

“Чек ара маселесинде жаңы нерсе ойлоп табуу оор. Дүйнөлүк практикада жер алмаштыруу, чек арасы сызыктары эки бөлөк түшүрүлгөн жерлерди тең бөлүү деген болот. Сапаты жана аянты боюнча эки жак бирдей жерди алыш керек. Бирок, тиги тарап кызыкдар болбой жатканы көрүнүп турбайбы. Эч кандай жылыш жок, чек арада чыр чыгып жатпайбы. Мен карап туруп баягы жолуна түшкөн экен деп жатам. Муну бир тараптын ойлонулган, максаттуу саясаты деп түшүнүп калдым. Буга адекваттуу жооп бериш керек. Тынч жаткан айылды миномёт менен аткылашын эң жогорку деңгээлге чыгарыш керек. Анткени, ал жакта эң жогорку жетекчилик билбей калды дегенге ишенбейм. Ал жакта уруксат жок чымын учпайт”.

Саясий серепчи Эмилбек Жороев чек ара маселесинде дипломатиялык, саясий сүйлөшүү жакшы жүрбөй, башка нукка өтүп кеткенин белгиледи.

“Бул кырдаалда оор, саясий талаштуу чечимге барууга зарыл болот. Эки тарапты тең канааттандырган чечим дээрлик мүмкүн эмес. Акыркы убакта канчалык жылыш бар экенин билбейбиз. Комиссиянын маалыматын күтүүгө гана мажбур болуудабыз. Бирок сүйлөшүү процессине улай ичибизде анчейин жакшы эмес иштер болуп келди. Мисалы, Адахан Мадумаров боюнча бүдөмүк документти бийлик тарап саясатташтырып, маселени калың эл талкуулоого көмөк болду. Экинчи жагынан сүйлөшүүгө улай аскердик жагына басым жасап, сатып алган куралдарды репетиция жасап, менимче, туура эмес иштер болуп келет. Ошолордон оолак болуп, былтыркы окуядан бери дипломатиялык, саясий сүйлөшүүлөр жүргүзүлүшү керек болчу. Тилекке каршы, түндө кадыресе болуп калган ок атылып, жөн курал эмес, миномёт колдонулду”.

Саламат Аламанов буга чейин чек ара боюнча өкмөттүк комиссияны да жетектеп турган. Чек арага байланышкан маселелер кээде туура эмес талданып, чыр-чатакты ырбатып жатат дейт.

“Бир нерсе айтайын десем, эч маалымат чыкпай жатпайбы. Бул туура, анткени, эл аралык эрежеде чек ара сүйлөшүүлөрү жабык жүргүзүлөт. Биздеги өзгөчө шартка байланыштуу оппозициянын аракети менен ким болбосун чек ара боюнча адис болуп чыга келди. Бул элдин арасында туура эмес пикирлерди жаратат, кээде өтө чоң окуяларга дагы алып келип жатпайбы. Ачыгын айтканда, эки тараптын тирешүүсүнө дагы”.

Ал эми тажикстандык эксперт Абдумалик Кадыров чек арадагы абалга байланыштуу төмөнкүдөй пикирин билдирди:

“Мен Кыргызстандын жаңы бийлигин түшүнүп турам. Элдик толкундоонун арты менен келген Ташиев-Жапаров тандеми легитимдүүлүгүн, эффективдүүлүгүн далилдеш керек. Менин оюмча бул тандем чек ара маселесин күч менен чечүүнү көздөп, мунун менен өздөрүнө улуттук кызыкчылыкты коргоочу катары имидж жараткысы келет. Анткени, Садыр Жапаров бийликке келгенден берки иштерге анализ жасасак, ушундай жыйынтыкка келебиз. Айрыкча, Ташиев тарабынан чек арада Кыргызстандын аскердик күчүн бекемдөө боюнча бир топ иштер жүрдү. Ар кандай аскердик окуулар, жаңы аскер техникаларды, анын ичинде “Байрактарды” сатып алуу, чек арада коргонуучу жайларды куруу, элди эвакуация кылууну практика жүзүндө машыгуу жүрүп жатат”.

"Макулдашууларга карабай чыр чыгууда"

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун Тажикстандын Дүйшөмбү шаарындагы сүйлөшүүсү 10-апрелде жыйынтыкталганы кабарланган.

5-апрелде башталган сүйлөшүүдө эки өлкөнүн өкүлдөрү тактала элек тилкелердеги чек ара сызыктары боюнча пикир алмашып, кийинки жолугушууну Кыргызстандын аймагында өткөрмөй болгону айтылган.

Сүйлөшүүгө кыргыз делегациясын Министрлер кабинетинин чек ара маселеси боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев баштап барган.

"Эксперттер талдайт" программасындагы чек ара чыры тууралуу талкуу. 13-апрель, 2022-жыл.

12-апрелде президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согд облусунун жетекчиси Ражаббой Ахмадзода баштаган эки тараптуу делегациянын жолугушуусу өтүп, чыр-чатактарды алдын алуу, чектеш аймактарда орун алган окуялар жана аларды чечүү жолдору талкууланган. Ушул эле күнү чек арада ок атышуунун катталганы келишим, макулдашуулар эмнеге иштебей жатат деген көптөгөн суроолорду жаратты.

Баткен облустук администрациясынын мурдагы аппарат башчысы Максат Дыйканов сүйлөшүү жүргөн күнү эле ок атылган себебин мындан көрөт:

“Макулдашкан күндүн эртеси эле мындай окуянын чыгышы - тажик тараптын маселе чечилишине кызыкдар эмес экенин көргөзүүдө. Тажик тараптын убакыт өткөн сайын жерди алабыз, эл коркуп көчүп кетсе ээлейбиз деген ойлору болушу мүмкүн".

12-апрелде мурдагы тышкы иштер министри, тажрыйбалуу дипломат Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тажикстандык эксперт Абдумалик Кадыров Абдылдаевдин дайындалышын оң баалап жатат:

“Менин пикирим балким, кыргыз истеблишментинде реалдуу картинаны билбегендиктен субъективдүү болуп калат. Бирок, кыргыз жана тажик социалдык тармагында жаралган маанайга байланыштуу буларды айта алам. Мен тажик тарапка бул конфликт таптакыр керек эмес экенин так билем. Анткени, президент Рахмондун башка баш оорусу көп. Анын ичинде ооган чек арасындагы маселе башынан ашууда. Андан тышкары, бийликти мураскерине өткөрүп берүү иши турат. Тажик жарандарына дагы керек эмес. Тилекке каршы, Тажикстандын бийлиги чек арада эмне болуп жатканы боюнча маалымат бербей келет. Ошондуктан дүйнөлүк коомчулук кыргыз медиаларынан гана маалымат алып, тажиктер конфликтин күнөөкөрү болуп калууда. Бирок мен оптимистмин. Тажикстанга Эрлан Абдылдаевдин элчи болуп дайындалышы биздин мамиле жакшырып, чек ара сүйлөшүү жолу менен чечилишине өбөлгө болот деп ишенем. Чек ара иштери чечилип эки эл эзелки ынтымак абалга келиш керек”.

Мындан толук бир жыл мурда, 28-29-апрелде кыргыз-тажик чек арасында кандуу кагылышуу болгон. Эки тараптан тең аскерлер менен бирге эле жарандар жабыркап, ондогон адамдар өмүр менен кош айтышып, жүздөгөнү жарадар болуп, турак жай, мектептер жана башка курулуштар талкаланып, өрттөлгөн.

Быйыл 27-январда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атышууга чейин жетти. Кыргызстандан жалпысынан 12 жаран жараат алса, Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны набыт болуп, дагы 10 адам жараат алганын жазып чыкты. Бул жолу да тараптар бири-бирин айыптаган билдирүүлөрдү жасады.

Бул окуялардан кийин эки тараптын расмий өкүлдөрү бир нече ирет жолугуп, кырдаалды талкуулап, чек арада коопсуздукту сактоону, курал колдонбоону макулдашканы кабарланган. Алды менен чек арадагы элдин чарбалык иштерин чечүү үчүн биргелешип иштөө аракеттери көрүлүп жатканы айтылып жаткан эле. Ошого карбай ортодо кайрадан курал колдонгон жаңжалдар чыгып кетүүдө.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG