Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:23

Кыргыз-тажик чек арасы: Жумушчу топ иштей баштайт


Чек арадагы жолугушуу. 12-март. 2022-жыл
Чек арадагы жолугушуу. 12-март. 2022-жыл

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу менен коштолгон эки окуядан кийин эки тараптын расмий өкүлдөрү жолугуп, абалды талкуулады. Чек арада коопсуздукту сактоону, курал колдонбоону макулдашканы кабарланды. Жергиликтүү элдин чарбалык иштерин чечүү үчүн биргелешкен жумушчу топ түзүлмөй болду.

12-мартта Тажикстандын "Гулистон" өткөрмө бекетинде өткөн жолугушууга УКМКнын Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев, Тажикстандын УКМКсынын Чек ара кошуундарынын башчысы Ражабали Рахмонали, президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согд облусунун губернатору Ражжабой Ахмадзода катышты.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын маалыматына караганда, Тажикстандын расмий өкүлдөрү менен жолугушууда чек ара чатактарынын көбөйүп жатышына негизги көңүл бурулду.

"Эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрү макулдашыла элек тилкелерге байланышкан маселелерди белгилешип, чек арадагы акыркы кырдаалга баа беришти" деп жазылган мекеме тараткан билдирүүдө.

Тараптар 10-11-марттагы курал колдонулган окуяны да талкууга алышкан. Жолугушуунун жыйынтыгында төмөнкүдөй макулдашуу болгонун кыргыз тарап кабарлады:

- Эки өлкөнүн чек ара аймактарында чатактарга жол бербөөгө багытталган аракеттерди координациялоо жана өз ара иштешүү тууралуу өкмөт аралык келишимдерди аткаруу үчүн токтоосуз чараларды көрүү;

- Эки республиканын чек ара өкүлдөрү аскерлер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, мында чек арачылар чагымга алдырбоого, кырдаалды чыңалта турган деструктивдүү аракеттерди чечкиндүү түрдө токтотууга милдеттүү;

- Чыр-чатакты болтурбоо максатында чек ара өкүлдөрү түзүлгөн абал тууралуу дайыма маалымат алмашып турушу керек;

- Эки мамлекеттин тең аскерлерине мыйзамдарда талап кылган учурлардан башка убакта курал колдонууга тыюу салынат;

- Бардык аскерлер кыргыз-тажик чек арасында чек арачылардын жүрүм-турум эрежелерин аткарууга милдеттүү.

Кездешүүдө эки өлкөнүн чектеш аймактарынын жашоочуларынын чарбалык маселелери облус жетекчилеринин деңгээлинде каралат деген чечим кабыл алынды.

Чек ара кызматынан тышкары Баткен жана Согд облустарынын башчылары да өзүнчө жыйын куруп, абалды жөнгөрүү, чыңалуулардын алдын алуу багытында маселелерди сүйлөштү.

Чек арага жакын жайгашкан айылдардын чарбачылык маселелерин чогуу чечүү үчүн биргелешкен жумушчу топ түзүлмөй болду.

“Чек ара аймактарында дрон (БПЛА) учурууга тыюу салуу маселеси да каралды”, - деп айтылат Баткен облустук бийлик тараткан маалыматта.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев тажик тарап менен менен биргелешкен жумушчу топ 16-марттан тарта ишке кирерин айтат:

“Талаш жараткан чарбалык маселелер да бар. Бизде чек ара менен бирдей эле маселеге айланган суу көйгөйү бар. Жолугушууда бул маселеге биз өтө чоң басым койдук. Суу маселесине өзүнчө карап, эки тараптуу жумушчу тобун түздүк. Биз тараптан облус башчысынын биринчи орунбасары, тажик тараптан Согд облусунун биринчи орун басары жумушчу топту жетектемей болушту. Бул жумушчу топ 16-марттан баштап иштеп баштайт. Эки өлкө ортосундагы сууларды пайдалануу, каналдарды, арыктарды тазалоо боюнча талаш жаратпай тургандай иш алып барат”.

"Озоди" радиосу Тажикстандын Исфара районундагы "Гулистон" бекетиндеги сүйлөшүү 16 саатка созулганын жазды. Анын жыйынтыгында Уларбек Шаршеев менен Ражабали Рахмонали протоколго кол койгону, бирок журналисттерге документтин чоо-жайы кабарланган эместиги айтылат "Озодинин" маалыматында.

Кыргыз-тажик Чек ара кызматтарынын башчылары протоколго кол коюуда. 12-март, 2022-жыл. Гулистон. Сүрөт "Озоди" радиосунуку.
Кыргыз-тажик Чек ара кызматтарынын башчылары протоколго кол коюуда. 12-март, 2022-жыл. Гулистон. Сүрөт "Озоди" радиосунуку.

Тажик делегациясынын өкүлү анонимдүү түрдө «эки мамлекеттин Чек ара кызматтарынын башчылары коопсуздук камсыздалат деген ишенимин билдиришти, чектеш аймактардын жашоочулары тынч жашашы үчүн эки тараптын чек арачылары мындан ары жетишилген макулдашууну сактайт» деп айткан.

Бул аптада кыргыз-тажик чек арасында эки жолу ок атышуу менен коштолгон окуя катталды.

11-мартка караган түнү саат 2:50 чамасында кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн чек арачыларынын кезектеги ок атышуусу орун алган.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, Баткен районунун Эки-Таш аймагындагы Баткен-Исфана авто жолунун боюнда Тажикстандын чек ара кезмети жолдон өткөн автоунааларды ташбараңга алган.

"Кыргызстандын чек арачыларынын автоунааларга таш ыргытпоо талабын тажик чек арачылары тоготкон эмес. Ал эми кыргыз чек арачылары тажик аскер кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин токтотуу максатында эскертүү иретинде асманга ок аткан. Ошол эле учурда аталган аймакта кызматын өтөп жаткан Тажикстандын башка чек ара кезмети кыргыз чек арачылары жайгашкан байкоо мунарасын көздөй ок аткан", - деп айтылат Чек ара кызматы тараткан маалыматта.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда 20 мүнөткө созулган ок атышуу 03:10до токтогон. Кыргыз тараптан жарадар жана жараат алгандар болгон жок.

10-мартта дакыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган чатак катталган.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматына караганда, ок атышууга жеткен чек ара жаңжалы 10-март күнү түш ченде болгон.

Мекеменин билдирүүсүндө Тажикстандын чек арачылары Баткен районунун Тескей аймагындагы тактала элек тилкеде буга чейинки багытын өзгөртүп, чек аранын башка тилкесин кайтарууга өткөнү, кыргызстандык чек арачылардан ал жерден кетүүнү талап кылганы айтылат. Окуя болгон жерге башка тажик аскерлери жардамга келип, көбөйүп, жаңы чектен өтүүгө аракеттенген. Бирок кыргыз тарап андайга жол бербегени белгиленген. Тараптардын ок атышуусу 10 мүнөткө созулган. Кыргыз тараптан жабыркагандар болгон эмес.

Чек ара: Он айдан бери октун азабын тарткан Нурланбек
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:20 0:00

Окуялар үчүн эки мамлекет бири-бирин айыптап чыгышты. Баткендик активист Максатбек чыр-чатактын алдын алуу үчүн жолугушуулардан көрө эки мамлекет кепилдик берген, ишенимдүү эрежелер зарыл деген пикирин айтат.

“Мына, жаз келип калды. Эгин-тегин айдап, суу коюп, мал жайытка чыгарыла баштайт. Тез-тез эле кичине чыр чыкса, ок атыла берсе, ким ишенет. Ошон үчүн элге азыр тынчтык, кепилдик керек. Өз тиричилигиңерди ойлонбой жасай бергиле деген. Эл жашаш керек да. Качанга чейин дагы эмне болуп кетет деп чочулап же иш кылалбай жүрүш керек?”.

"Озоди" 10-марттагы тараптардын атышуусунда тажикстандык чек арачы Суннатулло Самадов окко учуп, жергиликтүү тургун жараат алганын кабарлады. Радионун маалыматына караганда, 11-марттын түну уланган атышууда тажик тарапка караштуу Чорку айылындагы бир нече үй жабыркады.

Чоркунун айрым тургундары жана Исфара шаардык администрациясындагы булактар "Озодиге" окуя №4 чарбалык коопаративинин жанында болгонун айтып беришкен.

"Озоди" аты-жөнүн жашырган жергиликтүү бийликтеги булактан маалымат алганда, ал: «Окуя тажик чек арачылары кезмет алмашуу учурунда болду. Жаңы кезмет келгенде, кыргыз чек арачылары биздикилерди шылдыңдап, эскертүүсүз биз тарапка ок ачты. Натыйжада бир чек арачы ошол жерде каза болуп, дагы бир дыйкан жаракат алды», - деп айтып берген.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт, азыр анын 519у гана такталган.

Тактала элек тилкелер эки тараптын ортосундагы ар кандай чыр-чатактарга себеп болуп келет.

2021-жылдын жазында Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон, үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин-бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Быйыл, 27-январда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атышууга чейин жеткен. Ал чатакта Кыргызстандан 12 жаран жараат алса, тажик тарап эки жараны набыт болуп, дагы 10 адам жараат алганын айткан. Бул жолу да тараптар бири-бирин айыптаган билдирүүлөрдү жасаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG