Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:41

Чек ара: аксакалдар элди ынтымакка чакырды


Лейлек райоунун Арка аймагындагы эки элдин өкүлдөрүнүн жолугушуусу. 19-февраль. 2022-жыл.
Лейлек райоунун Арка аймагындагы эки элдин өкүлдөрүнүн жолугушуусу. 19-февраль. 2022-жыл.

Кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжалдан кийинки чыңалууну жеңилдетип, эки элдин ынтымагын калыптандыруу максатында милициянын демилгеси менен эки тараптын аксакалдарынан турган топтордун жолугуусу уюштурулуп жатат.

Аксакалдар 19-февралда Лейлек районунун аймагында өткөн жолугушууда элдик дипломатияны колго алуу, ынтымакты бекемдөө тууралуу чай үстүндө баарлашкан.

Эки тарап анда жазгы талаа иштери башталар алдында куралдуу чырлардын алдын алуу үчүн жөнөкөй тургундарынын жолугушуусун тез-тез өткөрүүнү макулдашканы кабарланды.

Лейлек районунун Арка аймагындагы жолугушууга Тажикстандын Бобожон Гафуров районунун аксакалдары менен активисттери келген.

Эки өлкөнүн милициясынын демилгеси менен өткөн бул жолугушууда тажикстандык аксакалдар кошуна жашаган эки элдин талаша турган да, чырдаша турган да жөнү жок экенин белгилешкен.

“Жараткан бизди кошуна кылып койгон. Барды-келди мамилебиз кечээги же мурда күнкү эмес. Миңдеген жылдардан бери кошунабыз. Ата-бабаларыбыз алды-берди мамиле менен жашаган. Биз дагы кошуналар менен мамиле кылып жүрүп ушул жашка чыктык. Балдарыбыз да бул мамилени улантышы керек. Бизди ким ага-ини эмес деп айта алат? Бизди ажыратууга аракет кылса, анын тилеги ишке ашпайт”.

Чек арада кыргыз-тажик аксакалдары жолукту
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:43 0:00

Чогулгандар чек аралаш аймактагы мамилелерди талкуулашты. Жаштарга үлгү болорлук демилгени ишке ашыруу керектиги белгиленди. Лейлек районунун тургуну, жашы 80ден ашкан аксакал сууп калган мамилени оңдоого эки тарап бирдей аракеттениши керектигине токтолду.

“Мен ушул жашка чейин тажиктер менен кошуна жашап, соода-сатык, барды-келди мамиледе болдум. Ушул мезгилге чейин мамиленин сууп кетиши мынчалык деңгээлге жеткен эмес. Ортобузду шайтан аралап, жөнөкөй элге кесепети тийип жатат. Ынтымакты бекемдейли. Бул кара жер кимдерден гана калбаган. Дүйнө жүзүн ээлеп алам дегендер да өтүп кеткен. Тажикстандын Канибадам, Кистакөз, Ленинабад деген жерлерине тынымсыз каттап эле жүргөнбүз”.

Жолугушууга эки тараптан 200гө чукул киши чакырылган. Активисттер менен аксакалдардан тышкары жергиликтүү бийликтен, күч кызматтарынан да өкүлдөр катышты.

Жолугушууга барган Кулунду айылдык кеңешинин төрагасы Шайырбек Орозалиев жыйында жайкын тургундар ынтымакка муктаж экени байкалганын айтты.

“Мурдагыдай тынч жашоого кайталы деген сөз болду. Жөнөкөй тургундар чек араны чечпей турганы, аны менен расмий бийлик алектениши керектиги айтылды. Биз тараптан да, алардан да чек арадан эч ким көчүп кетпейт. Жөнөкөй тургундар жазгы талаа иштерине жакын мамилени оңдойлу дешти. Милиция, чек арачылар да келишти. Аксакалдар "чек ара көптөн бери жабык, тез-тез көрүшүп турсак жек көрүү унутулат эле" дешти. Анан чек араны ачып беришсе деген сунуштар да көп болду”.

Кийинки жолугушуу Лейлек районунун Кулунду айыл аймагы менен Тажикстандын Овчу-Калача аймагында өтмөй болду.

Эки тараптын ички иштер башкармалыктары бул жолугушууларды чек аралаш айылдардагы пикир келишпестиктерди жоюп, маселе элдик дипломатиянын күчү менен чечилет деген ишеним менен уюштурууда.

Бирок эл арасында расмий эмес жолугушуулардан эч кандай натыйжа болбойт, чек ара тактоону тездетүү керек дегендер да бар. Алардын бири “Чек ара коомдук бирикмесинин” өкүлү Ханбийке Асанова.

“Кошуналар менен мамилени так аныктап алганыбыз туура. Мындай жолугушуулар маселени чечпейт. Жөнөкөй тургундардын макулдашуусун расмий бийлиги колдоого албай эле башка аракеттерди жасап коюшу мүмкүн. Ошондуктан, мындай жолугушуулар аркылуу мамиле жөнгө салынат дегенине кошулбайм. Бардык маселе расмийлештирилип, такталышы керек. Ишенимдүү болуу абзел”.

Өткөн жумада Баткен району менен Тажикстандын Исфара районунун чек аралаш айылдарынын аксакалдары жолуккан. Анда чек арадагы майда- барат чырларды эки тараптан дайындалган лидерлер өз ара чечмей болуп макулдашылган.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана буга чейин такталганы айтылып келет. 81 чакырымы боюнча орток пикир табылганы да айтылууда.

Эки мамлекеттин чек арасындагы тактала элек тилкелерде куралдуу кагылышуу байма-бай катталып турат.
Акыркы жолу 27-январда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал катталган. Анда Кыргызстандан 12 адам жараат алган. Тажик тарап жаңжалда эки тажик жараны мерт болуп, дагы 10 адам жараат алганын билдирген.
Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атаган, тажик тарап болсо Кыргызстанды айыптаган.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы ымала 2021-жылдын апрель айынын аягындагы кандуу окуядан кийин кескин солгундап кетти. Андагы жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши каза болуп, 154ү жаракат алган. Тажикстан тараптан 19 адам мерт болуп, 87си жабыркаган. Эки тарапта тең ондогон үйлөр жана башка имараттар, автоунаалар өрттөлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG