Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:58

Баткенде чек ара чырынан жабыркагандардын маселеси талкууланып жатат


Бүгүн, 15-февралда Баткен шаарында чек ара чырынан жабыркагандардын жана алардын турак жайга болгон укуктары талкууланып жатат.

"Интербилим” коомдук бирикмеси уюштурган тегерек үстөлгө президенттик администрацияга караштуу Баткен облусун калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Акыйкатчы институту, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, чек ара жаңжалында жабыркаган тургундар катышууда.

Талкууда жаңы курулган үйлөрдүн сапаты, коопсуздук маселеси, электр энергиясынын тез-тез өчүшү, талап-тонолгон баалуу буюмдарга жана мал-жандыктар үчүн мамлекет тараптан берилчү кенемтенин кечиктирилиши, чечим кабыл алуу жараянында тургундардын катышуусун жана маалымат алуусун чектөө маселелери талкууланып жатат.

Облустук жарандык коргонуу комиссиясынын мүлктү баалоо актыларына ылайык, зыян 782 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн. Мындан тышкары 140 турак үй күйүп, 15 социалдык объект, 34 соода түйүнү, 27 май куйган бекет, беш ашкана, үч тойкана өрттөлгөн. Беш жалпы билим берүүчү мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала бакча, эки милиция пункту, эки чек ара тозоту жана бир клуб жараксыз абалга келген. Мекемелер аралык комиссия өткөн жылдын 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда жалпы чыгым 1 миллиард 300 млн сомго жеткенин кабарлаган.

Жабыркаган турак жайларды калыбына келтирүү боюнча Кыргызстан Түркия менен эки тараптуу келишимге кол койгон. Макулдашуунун алкагында, Түркия жабыркаган жашоочулар үчүн Сип-панель курулуш материалынан 140 үй куруп берген.

Куралдуу жаңжалда жабыркаган жарандар уурдалып, өрттөлүп кеткен мүлктөрү үчүн мамлекеттен кенемте төлөп берүү өтүнүчүн айтып келет.

Өткөн жылы апрелдин соңунда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу жаңжалда кыргыз тараптан 36 адам көз жумган, 140 үй-бүлөнүн турак жайы өрттөлүп, 250дөн ашуун үй-бүлө талап-тоноого дуушар болгон.

Тажик тараптан 19 киши өлүп, 87си жарадар болгону расмий кабарланган. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгогон. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG