Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

Коронавирустан эки киши каза болуп, 55 адамдан жаңы аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Соңку бир суткада (15-февралга карата) Кыргызстанда коронавирус 55 адамдан жаңы аныкталды. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында – 23 киши.

- Бишкек – 23,

- Чүй облусунда – 19,

- Жалал-Абадда – 4,

- Баткенде – 4,

- Ысык-Көлдө– 2,

- Таласта – 2,

- Ош облусунда – 1.

Нарын облусу менен Ош шаарында вирусту жугузуп алгандар катталган жок.

Саламаттык сактоо министрлиги вирустан дагы эки бейтап каза болгонун билдирди. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуккандардын жалпы саны 200 миңден ашты, 2932 адам каза болуп, 192 миңден көп киши сакайып чыкты.

3-февралда Коронавируска каршы күрөшүү штабынын жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Улукбек Бектурганов Кыргызстан вирустун төртүнчү толкунунун чегинен өткөнүн айткан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG