Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:05

Түркмөнстанда президенттик шайлоо жараяны башталды


Гурбангулы Бердымухамедов уулу Сердар жана башка үй-бүлө мүчөлөрү менен. Архивдик сүрөт.
Гурбангулы Бердымухамедов уулу Сердар жана башка үй-бүлө мүчөлөрү менен. Архивдик сүрөт.

Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтсүз президенттик шайлоо үчүн арыздарды кабыл алууну 14-февралдан баштап ачык деп жарыялады. Талапкерлерди көрсөтүү өлкөдө катталган үч партиянын атынан гана кабыл алынат.

Авторитардик деп саналган өлкөдө башкаруучу Түркмөнстандын демократиялык партиясы жана ага ыктаган Түркмөнстандын агрардык партиясы, Түркмөнстандын өндүрүшчүлөрү менен ишкерлеринин партиясы бар. Алардын бардыгы бийликти колдойт, оппозициялык партиялар жок.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов 11-февралдагы Элдик Кеңештин кезексиз жыйынында “жаш лидерлерге мамлекеттик башкарууга жол берүү ниетин” айтып, жогорку мамлекеттик кызматтан кетерин кыйыткан. Мунун артынан 12-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтсүз президенттик шайлоо өткөрөрүн жарыялап, аны 12-мартка белгилеген.

Гурбангулы Бердымухамедов “бийликти жаштарга берүү” дегенин байкоочулар президенттик кызматты уулуна өткөрүп берүү ишараты катары кабылдашты. Былтыр сентябрда 40ка чыккан президенттин уулу Сердар Бердымухамедов эми Конституцияга ылайык президенттик шайлоого катыша алат.

Туура бир жыл мурун, 2021-жылдын 11-февралында Сердардын саясий карьерасы тездик менен өсүп, атасы аны бир эле учурда экономиканы караган вице-премьерликке жана өкмөттөгү маанилүү башка дагы бир топ кызматтарга дайындаган.

Гурбангулы Бердымухамедов президенттик кызматка 2006-жылы шайланган. Ага чейин өлкөнү Сапармурат Ниязов башкарып келген. Эл аралык укук коргоо уюмдары Түркмөнстан 1991-жылы СССРден көз карандысыздык алгандан бери өлкөдө эркин жана таза шайлоо өтпөгөнүн билдирип келишет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG