Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:40

"Европадагы тынчтыкка коркунуч жаралып жатат"


Германиянын канцлери Олаф Шольц жана Украинанын президенти Владимир Зеленский. 14-февраль, 2022-жыл. Киев.
Германиянын канцлери Олаф Шольц жана Украинанын президенти Владимир Зеленский. 14-февраль, 2022-жыл. Киев.

Орусия Украинага кол салышы мүмкүн деген кооптонуу күч алып жаткан маалда Германиянын канцлери Олаф Шольц 14-февралда Киевге барды. Ал украин президенти Владимир Зеленский менен жолукту. Андан ары шейшембиде Москвага сапар алып, ал жактан Владимир Путин менен кездешери күтүлүүдө. АКШ Украина жактагы орус аскерлеринин саны 130 миңге чейин көбөйгөнүн билдирди.

Киевге жол тартар алдында Германиянын канцлери Олаф Шольц Евробиримдик менен НАТОго мүчө мамлекеттер Орусияга каршы катаал санкцияларды даярдап коюшканын, эгер Украинага кол салса дароо киргизилерин билдирди.

Ал ошондой эле "Европадагы тынчтыкка коркунуч жаралып жатканын байкап жатабыз"-деп Твиттерге жазды.

Буга чейин украин президенти Владимир Зеленский менен АКШ лидери Жо Байден телефондон кризисти талкуулап, аны дипломатиялык жол менен чечүү маанилүү экенин баса белгилешти.

Зеленскийден кеңсеси билдиргендей, украин президенти Байденди жакынкы арада Киевге келип кетүүгө чакырды. Ак үй азырынча бул сунушка комментарий бере элек. Кыркка жакын мамлекет куралдуу жаңжал тутанып кетиши мүмкүн деген кооптонуудан улам өз жарандарын Украинадан чыгып кетүүгө үндөштү. Ал эми Австралия Киевдеги элчилигинин иши убактылуу токтоп турарын билдирди.

Киев ошондой эле жакынкы 48 сааттын ичинде Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун жыйынын өткөрүүгө чакырды.

Салливан: Орусия кол салуу үчүн шылтоо издеп жатышы мүмкүн

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан 13-февралда билдиргендей, Орусия Украинага кайсы убакытта болбосун кол салышы мүмкүн.

Салливан ошондой эле Москвага "башка желектин алдында" операцияны күтүүсүздөн баштап жиберүүгө, шылтоо табууга жол бербеш үчүн америкалык чалгын кызматтар эл аралык коомчулукка маалыматтарын бөлүшө берерин кошумчалады.

Мамдепартамент ошондой эле Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы америкалык кызматкерлерди дагы Украинадан чыгып кетүүгө чакырды.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан. 26-октябрь, 2021-жыл.
АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан. 26-октябрь, 2021-жыл.

Байден 12-февралда телефондон орус президенти Владимир Путин менен сүйлөшүп, Украинага кол салса "абдан көп адам жабыркап, Орусиянын дүйнөдөгү аброю" түшөрүн эскертти.

Ал эми Кремл билдиргендей, Путин Байденге Орусиянын коопсуздук жаатындагы негизги талаптарын АКШ эске албай жатканын айтып, Москва жакынкы күндөрү жооп берерин кошумчалады.

Москва Украина жана башка мурдагы Советтер Союзуна кирген мамлекеттер НАТОго мүчө болбосун, аскердик альянс Украинанын аймагына курал-жабдык киргизбесин жана Европанын Чыгышындагы өз аскерлерин алып кетсин деген талаптарды коюп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG