Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

Байден менен Зеленский украин чек арасындагы кырдаалды талкуулады


Украинанын президенти Владимир Зеленский менен АКШнын президенти Жо Байден. 1-сентябрь, 2021-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский менен АКШнын президенти Жо Байден. 1-сентябрь, 2021-жыл.

АКШнын президенти Жо Байден менен Украинанын президенти Владимир Зеленский 13-февралда телефондон сүйлөшүп, украин-орус чек арасындагы чыңалууну талкуулады.

Байдендин администрациясы кабарлагандай, алар дале чыңалууну дипломатиялык ыкмалар аркылуу чечүүгө ыктап турушат. Байден Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана суверенитетин жактап, Орусиядан агрессия болсо ага АКШ тез арада чара көрөрүн маалымдады.

Украин президентинин кеңсеси Зеленский Байденди жакын арада Киевге келип кетүүгө чакырганын билдирди.

Бул телефондук сүйлөшүү батыш державалары Орусиянын президенти Владимир Путинди чыңалууну деэскелациялоого чакырып жаткан тушта болду. Бир нече өлкө өз жарандарын Украинадан чыгып кетүүгө үндөп жатышат.

Вашингтон мурда Орусия Украинанын чек арасына 100 миңдей аскерин жыйнады десе, учурда анын саны 130 миңге чейин жетти деп маалымдады. Киев Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун (ЕККУ) жыйынын 48 сааттын ичинде чукул өткөрүп Орусиянын аракеттерин талкуулоону демилгелеген. Украин тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба ЕККУнун Вена документи боюнча 11-февралдагы кайрылуусуна Москва жооп бербей жатканын айткан.

АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30дай мамлекет мүчө болгон НАТОго Украинаны кошууну тездетүү маселеси былтыр жайда каралган. Мындан кийин Орусия Украинанын чек арасына 100 миңдей аскерин тартып, ага каршылык билдирген.

АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Москваны "чабуул жасаганга даярданып жатат" деп айыптаган. Чыңалуу жыл башынан бери курчуп жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG