Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:32

Украинадагы кыргыздар: согуш болбосо экен деп жашап калдык


Киевдеги Печерск районунда 90 метр бийиктикте орнотулган украин туусу.
Киевдеги Печерск районунда 90 метр бийиктикте орнотулган украин туусу.

Бир катар өлкөлөр Орусиянын кол салуу коркунучунан улам жарандарын Украинадан чыгып кетүүгө чакырды. АКШ, Улуу Британия, Германия, Нидерланд жарандарына Украинадан чыгып кетүүнү сунуштады. Ал эми Австралия 13-февралда Киевдеги элчилиги убактылуу жабылганын жарыялады.

Украинада иштеп, жашап жүргөн кыргызстандыктар эмне кылышууда? Аларга элчилик кандайдыр бир эскертүү берип жатабы, бул жана башка суроолорго Украинадагы кыргызстандыктардын диаспорасын түптөгөн жеке ишкер, 15 жылдан бери Украинада эмгектенген Азамат Исмаилов жооп берди.

- Кыргызстандын Киевдеги элчилиги мекендештердин коопсуздугу үчүн кандайдыр бир көрсөтмө бердиби? Кокус согуш башталып кетсе эмне кыласыздар?

- Биз азыркы тапта согуштук кандайдыр бир иш-аракеттер болуп кетпесин деген ниет менен жашап жатабыз. Кыргызстандык атуулдар элчилик менен тыгыз байланышта. Бул жактагы кыргыздардын WhatsApp тобу бар, ал жактан бардык жаңылыктарды жазышып турабыз. Азыр Киевге жаңы элчи келгендиктен кичине ишке киришүү процессинде окшойт. Ошентсе да, биз байланышты үзбөйбүз. Буга карабай, айрым кыргызстандыктар акыркы кырдаалдарга тынчсызданып, бизге чалган учурлары болууда.

Азамат Исмаилов
Азамат Исмаилов

- Азыркы тапта Украинада болжол менен канча кыргызстандык иштеп, жашап жатат? Бири-бириңерден кабар алып жатасыңарбы?

- Толук баарын эсептей келгенде Украинада миңге жакын кыргызстандык жашап, иштеп жатат. Бир топ жылдан бери биздин диаспора да иш алып барат. Ошол уюм аркылуу жолугушууларды өткөрүп, ар түрдүү программаларды ишке ашырып, тыгыз байланыштабыз. Ар бир кыргызстандык жаранды тизмеге киргизип, WhatsApp аркылуу байланышып турабыз.

- Чочулап, коркуп, үйүндөгү кичинекей балдарын, жакындарын, балким ата-энесин мекенге кетирет элек дегендер болуп жатабы?

- Чынын айтсак, азыр бизде антип дүрбөлөңгө түшкөндөр жок. Өзгөчө сырткы кабарларда башкача нерселер айтылууда, бизге да Кыргызстандан "силерде антип жатыптыр, минтип жатыптыр" дегендер, ар түрдүү шилтемелерди салгандар болууда. Орусиядан, Европадан биздин коопсуздугубузга чочулагандар болууда. Биз андай жаңылыктарга таң калып, анын тактыгын, аныктыгын текшергенге аракет кылып жатабыз. Элчиликтер, башка өлкөлөрдүн жарандары чыгып кетип жатыптыр деген кабарлар келип жатат. Мунун баарын текшерүү үчүн Кыргызстандын Украинадагы элчилигине чалып, мага келген шилтемелерди аларга да жиберип, маалыматтын тактыгын билгенге аракет кылып келем. Биздин элчилик азыркы учурда кадимки тартипте эле иштеп жатышканын айтышууда. Негизи так маалымат алуу бир аз кыйын болууда.


- Жалпы эле өлкөдө украиналыктардын азыркы тапта маанайы кандай? Эл аралык деңгээлде чыгып жаткан жаңылыктарга реакция кылып жатышабы?

- Көп эле украиналыктардын эл аралык деңгээлде сөз болуп жаткан жаңылыктардан кабары деле жок. Жалпы калк мурда кандай маанайда жашап жатса, эч кандай түпөйүл болбой эле ошондой жашап жатышат. Айрыкча Киев өлкөнүн борборунда жайгашып, чек арадан алыс болгону үчүн жалпы калктын маанайында эч кандай деле өзгөрүү болгон жок. Өлкөдөн чыгып кетиш керек деген дүрбөлөң, реакциялар байкалбайт деле. Бирок, баары бир айтылып жаткан сөздөрдөн улам айрыкча ишкердик тармагында сатуулар азая түштү. Эл бир нерсени сатып алгандан коркуп, андан көрө акчаны кармап туралы деген психологиялык реакцияны байкай алдым. Анткен менен чоң соода борборлорунда жашоо мурдагыдай эле уланууда, киевдиктер көчөдө эч коркпой эле басып жүрүшөт.

- Украинада жашап иштеген кыргызстандыктар көбүнчө эмне менен алек? Кыргызстандыктар кайсы аймагында көбүрөк жашайт?

- Биздин мекендештер көбүнчө чоң шаарларда жашайт. Кыргызстандыктардын көпчүлүгү Киевде, андан кийин Одесса, Харьков шаарларында турушат. Чакан калааларда мекендештер аябай эле аз. Мекендештердин басымдуусу жеке бизнес менен алек, Эл аралык компанияларда, IT тармагында иштеп жүргөн жарандарыбыз бар. Аз сандагы кыргыздар базарда иштешет. Өзүбүздүн арабызда диаспора аркылуу байланышып, кабарлашып турабыз. Мен өзүм бул жактагы диаспораны түптөөчүлөрдүн биримин. 15 жылдан бери бул жакта ишкердик кылым. Бул өлкөдө студенттер аябай аз, Кыргызстандан келген төрт гана бала бакалавр, магистратурада билим алууда.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG