Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Түркмөнстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт


Президенттин уулу Сердар Бердымухамедов атасы Гурбангулы Бердымухамедовдун сүрөтүнүн алдында.
Президенттин уулу Сердар Бердымухамедов атасы Гурбангулы Бердымухамедовдун сүрөтүнүн алдында.

Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 2022-жылдын 12-мартында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүлөрүн жарыялады. Бул билдирүү президент Гурбангулы Бердымухамедов жакында Халк Маслахатинин кезексиз жыйынында жаштарга орун бошотуп, жогорку мамлекеттик кызматтан кетерин кыйыткандан кийин болду.

"Президент бизге 12-марттагы мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүүнү тапшырды", - деп билдирди Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз катчысы Безерген Гарраев.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов 11-февралдагы Элдик Кеңештин кезексиз жыйынында “жаш лидерлерге мамлекеттик башкарууга жол берүү ниетин айтканын “Азаттык” радиосунун түркмөн кызматы расмий маалыматка таянуу менен билдирген.

Бердымухамедов ошондой эле өзүнүн өтө көп жооптуу кызматтары бар экенин ишарат кылган.

Бердымухамедовдун бийликке келишинин 15 жылдыгына карата 11-февралда Түркмөнстан парламентинин жогорку палатасы - Халк Маслахатинин кезексиз сессиясы өткөн.

Былтыр сентябрда 40ка чыккан президенттин уулу Сердар Бердымухамедов эми Конституцияга ылайык президенттик шайлоого катыша алат.

Туптуура бир жыл мурун, 2021-жылдын 11-февралында Сердардын саясий карьерасы тездик менен өсүп, атасы аны бир эле учурда экономиканы караган вице-премьерликке жана өкмөттөгү маанилүү башка дагы бир топ кызматтарга дайындаган.

Туура 15 жыл мурун Түркмөнстанда президенттик шайлоо өтүп, анда азыркы президент Гурбангулы Бердымухамедов дээрлик 90% добуш менен утканы жарыяланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG