Жалал-Абад облусунда жолго кар көчкү түшүп, үч адамдын дайыны табылбай жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн 14-февралда билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, саат 12:30 чамасында Тогуз-Торо районунун аймагында, Түндүк-Түштүк (Балыкчы – Жалал-Абад) альтернативдик автожолунунун болжол менен 334-чакырымында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшкөн.
“Чайна Роуд” ишканасына тиешелүү “Нива” машинасын, жүктөгүчтү жана эки экскаваторду кар басып калган, кырсык болгон жерде үч адам дайынсыз болууда.
Издөө жана карды тазалоо иштерине жалпысынан 60ка жакын адам катышууда.