Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:05

Алмазбек Бейшеналиев кайрадан Билим берүү жана илим министрлигине жетекчи болду


Алмазбек Бейшеналиев.
Алмазбек Бейшеналиев.

Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстандын билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн 14-февралда өкмөттөгү булактар кабарлашты.

Жаңы жетекчини жамаатка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тааныштырды.

Бейшеналиев 41 жашта. Ал 2017-2018-жылдары өкмөт аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт боюнча бөлүмүн башкарган. 2020-жылдын октябрынан 2021-жылдын 5-майына чейин билим берүү жана илим министри болуп иштеген.

2021-жылдын июнь айынан бери Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы кеңсеси жана башка уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп иштеп жаткан.

Министрликти 2021-жылдын май айынан бери жетектеп келген Болотбек Купешов кызматын ден соолугуна байланыштуу тапшырганы кабарланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG