Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:52

Түркмөн президенти бийликти жаштарга тапшырууга даяр экенин билдирди


Гурбангулы Бердымухамедов Халк Маслахатынын жыйынында. 11-февраль, 2022
Гурбангулы Бердымухамедов Халк Маслахатынын жыйынында. 11-февраль, 2022

Түрмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов парламенттин жогорку палатасынын 11-февралдагы кезексиз жыйынында бийликти "жаш жетекчилерге" өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирди.

Түркмөн президентинин мындай билдирүүсү анын бийликти уулуна тапшырып берүүгө даярданып жатканы тууралуу кептер айтылып жаткан учурга туура келүүдө. Халк Маслахатынын жыйыны Бердымухамедовдун бийликке келгенинин 15 жылдыгына карата уюштурулган.

"Өлкөнүн өнүгүүсүнүн жаңы этабында мамлекеттик башкарууну заманбап талаптарга жооп берген, рухий чөйрөдө өскөн жаш жетекчилдерге өткөрүп берүү тууралуу ойлорду колдойм", - деген ал.

Көпчүлүктүн божомолунда, Бердымухамедов бийликти сентябрда 40ка толгон баласы Сердарга өткөрүп берүүгө аракет кылууда. Түркмөнстанда президенттикке талапкерлер 40 жаштан жогору болушу керек. Сердар Бердымухамедов былтыр премьер-министрдин орун басары кызматына дайындалган. Мындан сырткары түркмөн президентинин уулу мамлекеттик коопсуздук кеңшинин мүчөсү.

Жаратылыш газынын эбегейсиз коруна ээлик кылган Түркмөнстан Евразиядагы эң обочолонгон жана эң жакыр өлкөлөрдүн бири. Сердар Бердымухамедов жума күнү Элдик кеңештин жыйынына катышып, өлкөнүн 2052-жылга чейинки экономикалык өнүгүү планын сунуштады. 30 жылдык пландын чоо-жайы айтыла элек.

Сердар Бердымухамедов бир эле учурда аткаруучу жана көзөмөлдөөчү бийликтин функцияларына ээ болуп, Түркмөнстандын Жогорку көзөмөл палатасынын башчысы, Коопсуздук кеңешинин мүчөсү жана эң негизгиси Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарлыгына дайындалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG