Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

Ташиев Кыргызстандын эч бир жери анклавга айланбай турганын айтты


УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев мурдагы коргоо министри, саясатчы Исмаил Исаковдун маалымат каражаттарынын бирине курган маегине комментарий берди.

Атайын кызматтын башчысы Кыргызстандын эч бир жери анклавга айланбай турганын өзүнүн "Фейсбук" баракчасына жазды. Ал Исфара - Чоркух - Ак Сай - Ворух жолуна эл аралык макам берилбей турганын белгилеген.

"Бир гана Ак Сай - Ворух жолу протоколго ылайык эки мамлекеттин башчылары кол койгон келишимге ылайык статусу аныкталып, андан соң салынат, кандай шарттар коюлуш керек экендигин бул жерде көрсөтө албайм. Кошуналар бизге окшоп мамлекеттик комиссия түзгөн протоколдорду талкуулап, сырын ачып салбайт, ошондуктан мен дагы 39чу протоколдун сырын ачпоо керек деп эсептейм", - деп жазылган Ташиевдин жообунда.


УКМК төрагасы саясатчыларды чек ара маселесин талкуулап, саясий упай топтобоого чакырган жана Исаковго комиссияга кошулуп, иштөөнү сунуштаган.

Буга чейин "Азаттык" партиясынын лидери Исмаил Исаков "Политклиника" басылмасына маек куруп, кыргыз-тажик чек арасы, ага байланыштуу №39 протокол тууралуу айткан.

Исаков Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда талаш жер жок экенин, буга чейинки кабыл алынган эл аралык келишимдерде тажик тарап Баткендеги талаш жерлер тууралуу айтпаганын белгилеген.

Коомчулукта талаш жараткан №39 протокол 2021-жылы 1-майда Баткен шаарында кабыл алынып, ага Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМКнын төрагасы Саймумин Ятимов кол койгон.

Былтыр протокол жаңы кабыл алынганда Тажикстандын "Ховар" улуттук агенттиги Кожалы-Ворух жолу биргелешип куруларын, аны Тажикстан тарап тейлей турганын жазып чыккан. Камчыбек Ташиев 2-февралда Жогорку Кеңештин чек ара маселесин талкуулаган жыйынынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип, аталган протокол үч пункттан турарын, Кыргызстандын пайдасына иштей турганын айткан. УКМК төрагасы эч кандай коридор берилбей, ашыкча жолдор курулбай турганын билдирген. Ак-Сайдын күн чыгыш тарабынан кете турган жолдун макамы мамлекеттер аралык келишим менен аныкталарын айткан.

Быйыл 27-январда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атышууга чейин жетти. Кыргызстандан жалпысынан 12 жаран жараат алса, Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны набыт болуп, дагы 10 адам жараат алганын жазып чыкты. Бул жолу да тараптар бири-бирин айыптаган билдирүүлөрдү жасады.

Былтыр жазындагы куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жараат алган.

Тажикстан тараптан 19 киши каза таап, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган. Эки өлкө тең бул жаңжал үчүн бири-бирин айыптап, кылмыш иштери козголгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG