Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:52

Бишкекте иликтөөчү журналисттердин форуму өтүп жатат


Иликтөөчү журналисттердин форуму. Бишкек
Иликтөөчү журналисттердин форуму. Бишкек

Бишкекте иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевди эскерүү иш-чараларынын алкагында бүгүн, 12-февралда "Чындык" аттуу 2-форум өтүүдө. Аны Иликтөөчү журналисттер фонду жана Кыргызстандагы "Интерньюс" уюму уюштурган.

Форумда Кыргызстандагы иликтөөчү журналисттер үчүн мүмкүнчүлүктөр, журналисттердин жеке, санарип жана укуктук коопсуздугунун көйгөлөрү, иликтөөнүн келечеги туурасында талкуулар жүрөт. Иш-чарага иликтөөчү журналисттер, медиа-эксперттер, маалымат агенттиктеринин өкүлдөрү катышууда.

Форумдун соңунда 2021-жылдагы Кыргызстандагы мыкты журналисттик иликтөөлөр үчүн Уланбек Эгизбаев атындагы ар жылы ыйгарылчу сыйлыкты тапшыруу аземи өтөт.

"Азаттыктын" иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фонду 2018-жылы 14-сентябрда ишмердигин баштаган.

Иликтөөчү журналисттерге ыйгарылчу сыйлык жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнү - 12-февралда тапшырылат. Чыгаан журналисттин көзү тирүү болгондо быйыл 12-февралда 32 жашка чыкмак.

Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө көз жумган. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG