Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Коронавирустан төрт киши каза болуп, 81 адамдан жаңы аныкталды


Соңку бир суткада (12-февралга карата) Кыргызстанда коронавирус 81 адамдан жаңы аныкталды. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында – 41 киши.

  • Чүй облусунда – 34,
  • Ош облусунда – 2,
  • Ысык-Көл облусунда – 1,
  • Баткен облусунда –1 адамдан илдет табылган.

Калган аймактарда ооруну жуктуруп алгандар катталган жок. Саламаттык сактоо министрлиги вирустан дагы төрт бейтап каза болгонун билдирди. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуккандардын жалпы саны 200 миңге жакын, 2924 адам каза болуп, 192 миңден көп киши сакайып чыкты.

Ушул күндөрү 553 бейтап ооруканаларда, 2439 адам үйүндө дарыланууда.

Бир сутка ичинде коронавирустан 265 адам сакайып чыкты.

3-февралда Коронавируска каршы күрөшүү штабынын жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Улукбек Бектурганов Кыргызстан вирустун төртүнчү толкунунун чегинен өткөнүн айткан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG