Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Ооганстандын түндүгүндө мечитте жардыруу болду


Мечиттердин биринде болгон жардыруу. Кабул, 2021-жыл. Иллюстрация сүрөт
Мечиттердин биринде болгон жардыруу. Кабул, 2021-жыл. Иллюстрация сүрөт

"Талибан" Ооганстандын түндүгүндө мечиттин жанында бомба жарылып, бери дегенде бир киши мерт кеткенин, 8 киши жарадар болгонун билдирди.

Окуя болгон Бадгис провинциясынын өкүлү Баз Мохаммед бомбаны жан кечти жардырганбы же алыстан башкарылган жабдык жардырылганбы белгисиз деп "Азади" радиосуна айтып берди. Анын айтымында, кол салуу эл жума намазына чогулуп жаткан учурда болгон. Жардыруу үчүн эч ким жоопкерчиликти ала элек. "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмунун жергиликтүү канаты буга чейин ушул өңдүү кол салууларды ишке ашырып келген.

Жергиликтүү тургундар мечиттин айланасын талибдер курчоого алганын, ал жерге кетчү жолдорду торошконун айтышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG