Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:25

Блинкен: Орусия Украинага кайсы учурда болбосун кол салышы мүмкүн


Энтони Блинкен, Мелбурн шаары, 11-февраль, 2022-жыл.
Энтони Блинкен, Мелбурн шаары, 11-февраль, 2022-жыл.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Орусия Украина менен чек арасына аскерлерин топтоону улантып жатканын, чабуулду кайсы учурда болбосун, балким Бээжин Олимпиадасы маалында коюшу мүмкүн экенин айтты.

Башкы дипломаттын айтымында, Вашингтон Киевдеги элчиликте иштеген кызматкерлерди кыскартууну улантууда. Блинкен 11-февралда Мелбурн шаарында өткөн басма сөз жыйынында Мамлекеттик департаменттин америкалык жарандарды Украинадан чыгып кетүү чакырыгын кайталады.

Украина менен чек арага 100 миңден көп аскерин жайгаштырган Орусия "кошуна өлкөгө басып кирүүнү көздөйт" деген Батыштын дооматын четке кагууда. Ошол эле маалда орус аскерлери Беларуста биргелешкен машыгуусун баштады.

Бейшембиде АКШнын Мамлекеттик департаменти америкалык жарандарды Украинадан мүмкүн болушунча тезирек чыгып кетүү кеңешин берген. Буга чейин андай ыктымалдыкты "караштыруу" эскертилген.

1-февралда Мамлекетик департамент америкалыктарды Беларуска да барбай турууну эскертти. Канада дагы өз жарандарына “Орусия жараткан коркунуч жана куралдуу жаңжал ыктымалдыгынан улам” Украинага баруудан карманууга кеңеш берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG