Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:48

Жогорку соттун төрагасынын үч орун басары дайындалды


Жогорку соттун имараты.
Жогорку соттун имараты.

Жогорку соттун судьялары Нургүл Бакирова, Нурлан Мусаев жана Айбек Давлетов беш жылга Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жапаровдун башка жарлыгы менен Качыке Эсенканов өз каалоосу менен Жогорку соттун төрагасынын орун басары кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду.

Жогорку соттун мурдагы төрайымы Нургүл Бакирова 2-февралда өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Анын ордуна президент Садыр Жапарвдун мурдагы адвокаты Замирбек Базарбеков Жогорку соттун төрагасы болуп дайындалган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG