Германиянын баш калаасында 72-Берлин кинофестивалы Франсуа Озондун "Петер фон Кант" деген фильми менен башталды. Уюштуруучулар ачылыш үчүн "күнүмдүк күңүрттүккө жарык, нур чача турган" фильм издешкенин айтышат.
Буга чейин Берлиналеде ар кайсы жылдары Озондун беш эмгеги тартууланган.
Быйыл - Алтын же Күмүш аюуну жеңет деген фавориттер катарында режиссерлор Клэр Дени, Паоло Тавиани, Ульрих Зайдель, Дени Котениндин фильмдери аталууда.
Пандемияга байланыштуу фестивалдын форматы өзгөртүлгөн.
Кинотеатрларда санитардык эрежелер сакталууга тийиш, ар кандай сый тамак, оюн-зооктор болбойт, ал эми фильмдерди тандап прокат үчүн сатып алуу онлайн жүрмөкчү.