Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Орусия кыргыз-тажик чек ара талашын жөнгө салууда көмөктөшүүгө даяр


Андрей Руденко. Архивдик сүрөт
Андрей Руденко. Архивдик сүрөт

Орусия Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара талашын жөнгө салууда өз тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр. Бул тууралуу орус тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденкого таянып ТАСС агенттиги кабарлады. Дипломат мисал катары Орусия-Казакстан чек арасынын делимитациясын келтирди.

Руденко кыргыз-тажик чегиндеги тынч эмес кырдаал Москванын кабатырлануусун жаратарын, талашты сүйлөшүү жолу менен чечүү керектигин кошумчалады.

Дипломаттын айтымында, делимитиация жана демаркация маселеси чечилмейин, кагылуушулар болбойт деген кепилдик жок.

Алдынкы күнү Орусиянын Бишкектеги элчиси Николай Удовиченко анын өлкөсү Кыргызстан менен Тажикстанга чек аранын орток бөлүгүн делимитациясына жана демаркациясына көмөктөшүүгө даяр деп билдирген.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган. Чек араларды тактоодо эки тарап кайсы карта жана кайсы юридикалык документ менен иштөө керектиги боюнча орток пикирге келе албай жүрөт. Акыркы жылдары кыргыз-тажик чек арасында кырдаал курчуп кетти. Өткөн жылы 28-29-апрелде кыргыз-тажик чек арасында мурда болуп көрбөгөн кагылышуу болду. Эки тараптан тең аскерлер менен бирге эле жарандар жабыркап, ондогон адамдар өмүрү менен кош айтышып, жүздөгөнү жарадар болуп, турак жай, мектептер жана башка курулуштар талкаланып өрттөлгөн.

Быйыл 27-январда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атышууга чейин жетти. Кыргызстандан жалпысынан 12 жаран жараат алса, Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны набыт болуп, дагы 10 адам жараат алганын жазып чыкты. Бул жолу да тараптар бири-бирин айыптаган билдирүүлөрдү жасады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG