Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

Экс-депутат Алиярбек Абжалиев кармалды


Алиярбек Абжалиев.
Алиярбек Абжалиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты 2 млн. АКШ доллар өлчөмүндө алдамчылыкка шектелип кармалганын маалымдады. УКМК шектүүнүн инициалын А.А. деп берген. Бишкектин Биринчи май райондук соту ал Алиярбек Абжалиев экенин тастыктады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, шектүүгө каршы ишкер арыз жазган.

“Текшерүүнүн жыйынтыгында арыз ээсинин жүйөлөрү тастыкталып, алынган материалдар бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) боюнча кылмыш ишин козгоо жөнүндө чечим кабыл алууга негиз болгон”, - деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

УКМК шектүү экс-депутат 10-февралда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан тергөө мөөнөтү бүткөнгө чейин (9-апрелге чейин) камакка алуу чечими чыгарылганын маалымдады.

Азырынча Алиярбек Абжалиевдин жакындары же жактоочу менен байланышууга мүмкүнчүлүк боло элек.

9-февралда “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен айыпталган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиевге козголгон кылмыш иши кыскартылганы белгилүү болгон. Экс-депутат Алиярбек Абжалиевге карата былтыр март айында Жазык кодексинин “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ал иш козголгондо өзү чет өлкөдө жүргөн. Кийин Кыргызстанга кайтып келип, VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин жыйындарына катышкан. УКМК тергөөдө Абжалиев мамлекетке 20 миллион сом төлөгөнүн кабарлаган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG