Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:41

Сот реформасын колдоо боюнча "Укук булагы" долбоору иштеп баштады


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Эл аралык өнүктүрүү боюнча америкалык агенттиктин (ЮСАИД) колдоосу менен Кыргызстанда сот реформасына багытталган “Укук булагы” долбоору башталды. Анын максаты - өлкөдө соттордун ишинин ачыктыгын жогорулатуу жана коррупцияны азайтуу.

Жаңы долбоордун ачылышына 11-февралда Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, “Укук булагы” долбоорунун жетекчиси Фред Хьюстон катышты. Долбоорду ишке ашыруу 2026-жылга чейин уланып, ага ЮСАИД тарабынан 9 миллион доллар бөлүнөт.

Кыргызстанда сот системасы коомчулуктун сынына кабылган тармактардын бири. Буга чейин үч ыңкылаптын негизги себептеринин бири катары сот адилетсиздиги аталып келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG