Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:10

Ошто күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 10-февралда саат 14:44тө Ош облусунда очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Жер титирөө Алай районунун Сары-Таш, Арча-Булак айылдарында төрт балл, Сары-Могол, Кара-Киндик, Бор-Дөбө, Талды-Суу, Ак-Босого, Кызыл-Алай, Кичи-Каракол айылдарында үч баллга жеткен.

Сопу-Коргон, Жергетал, Көлдүк, Чий-Талаа айылдарында 2,5 балл, Чоң-Алай районунун Чоң-Каракол айылында үч балл, Кара-Кабак, Кара-Кыр, Кашка-Суу айылдарында 2,5 балл, Кара-Суу районунун Кожокелен айылында үч балл, Араван районунун Кичи-Алай жана Чөгөн айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG