Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:11

Викрам Рузахунов Алматыда кыйноого кабылганын билдирди


Бети-башы көгала болгон Викрам Рузахунов Алматыдагы башаламандыктарга катышы бар экенин айтып жаткан видеодон скриншот.
Бети-башы көгала болгон Викрам Рузахунов Алматыдагы башаламандыктарга катышы бар экенин айтып жаткан видеодон скриншот.

Казакстанда январь окуяларында кармалып, кийин мекенине жеткирилген пианист Викрам Рузахунов коңшу өлкөдө кыйноого кабылганын билдирди. Ал Instagram баракчасына 10-февралда “Казакстанда журналисттерге атайын уюштурулган маекти бербесем, кайда экенимди эч ким билбей калмак” деп жазды.

“Мен журналисттерге (Казакстанда-ред.) менин айткандарыма эч ким ишенбей турганын жана Кыргызстанда жумушум бар экенин айтсам, алар укпай коюшту. Жүздөгөн негизсиз камалган, бейкүнөө адамдардын ичинен мени тандап, сценарийди жаттатып, камерага кайра айтып берүүгө мажбур кылган адамга рахмат. Суракта тынбай кайталап жаттым, кыйноодо белгилүү музыкант экенимди кыйкырып, жөн эле атымды жазып интернеттен издеп көрүүнү сурандым. Ага жооп катары жаман сөз менен шылдыңдоону гана уктум...”, - деди музыкант.

9-январда “Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы” бети-башы көгөрүп, токмоктолгон Викрам Рузахуновдун видеосун көрсөткөн. Анда кыргызстандык пианист аны “белгисиз адамдар 90 миң теңгеге жалдап, Өзбекстан жана Тажикстандын башка жарандары менен кошо Алматыдагы митингге чакырганын” айткан.

Аны таанып-билгендер жана социалдык тармактардын колдонуучулары музыкант кыйноодон кийин ушундай сөздөрдү айтууга мажбур болушу ыктымал деп шек санашкан.

Кыргыз бийлигинин аракети менен пианист 10-январда Алматыдан Бишкекке жеткирилген. Ал Кыргызстанга келгенден кийин бети-башы аскерлер кармаган учурда көгөргөнүн, башаламандыкка “жалданып келгени тууралуу моюнуна алган видеону кыйноо жолу менен эмес, камерада чогуу отургандардан “Кыргызстанга тез кайтуунун жолу катары угуп”, өзү айтканын билдирген.

Кийинчерээк Рузахунов Бишкекте оорукананын реанимация бөлүмүнө түшүп, операция болгонун маалымдады.

Жыл башында Казакстандын түндүгүндө тутанган нааразылык акциялары башка аймактарга да жайылып кеткен. Кээ бир жерлерде башаламандыктар кан төгүү менен коштолгон.

Расмий маалыматка ылайык, кандуу окуяларда 227 киши каза тапты. Бирок укук коргоочулар бул сан мындан да көп экенин айтып келишет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG