Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:34

УКМК: Ошто санэпидкөзөмөлдүн директору кармалды


Кармалган шектүү.
Кармалган шектүү.

Ош шаардык оорулардын алдын алуу борборунун жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө мекемесинин директору (“О.С.М.”) 9-февралда Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесине шек саналып кармалды.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Ош шаардык оорулардын алдын алуу борборунун жана Мамлекеттик санэпидкөзөмөлдүн кызмат адамдары жеке пайданы көздөп контролдук-көзөмөлдөө милдеттерин так аткарган эмес.

Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Мекеме бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG