Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:48

Украинанын омбудсмени крым татарларын кармоону айыптады


Кармалган крым татарларынын колдоочулары. Крым жарым аралы, 9-февраль 2022-жылы
Кармалган крым татарларынын колдоочулары. Крым жарым аралы, 9-февраль 2022-жылы

Украинанын Омбудсмени Людмила Денисова крым татарларынын 4 активистин кармоону айыптады.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы аннексияланган жарым аралда Ансар Османов, Эрнест Сейитосманов, Марлен Мустафаев жана Аметхан Абдуляповду 9-февралда "Хизб ут-Тахрир" уюмунун ишмердигин уюштурган деген айып менен кармаган. Ошол эле күнү алар 7-апрелге чейин камакка алынган.

Денисова эл аралык коомчулукту “баскынчы режимдин мыйзамсыз аракетине реакция кылууга, Орусиянын убактылуу оккупацияланган аймакта адам укуктарын бузууну токтоттурууга” чакырды.

Ошол эле күнү Крымдын борбору Симферополдо крым татарларынын беш өкүлүнүн камактагы мөөнөтү мартка чейин узартылды. Аларга дагы 19 киши менен кошо "Хизб ут-Тахрир" уюмуна мүчө болуу айыбы тагылган. Москвада жайгашкан "Мемориал" укук коргоо уюму бул 24 кишини саясий туткун деп тааныган.

2014-жылы Орусия Крымды мыйзамсыз аннексиялап алгандан бери ондогон крым татары соттолгон. Сөз болгон уюмга Орусияда тыюу салынган, Украинада андай тыюу жок.

Москва жарым аралды өзүнө каратып алгандан кийин крым татарлары куугунтуктоолорго туш болууда.

XS
SM
MD
LG