Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:02

Украина Орусиянын Кара деңиздеги машыгуусуна нааразы


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Украинанын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын машыгуу өткөрүү шылтоосу менен Кара жана Азов деңиздеринин бир бөлүгүн, Керч кысыгын тосуу чечимине нааразылыгын билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, суудагы жолдордун ири бөлүгү соода кемелери үчүн жабык болмокчу. Бул өз кезегинде Украинанын портторуна залакасын тийгизерин билдирген министрлик, Орусиянын аракетин “гибриддик согуштун бир бөлүгү” деп атады.

Буга чейин Black Sea News басылмасы 13-19-февраль күндөрү кемелер үчүн жабык болчу аймактын картасын чыгарган. Ага ылайык, Украинанын Мариуполь портуна кемелер жакындай албай калат, Одессага баруу кыйынчылык жаратат.

Аскердик машыгууга катышуу үчүн Балтика флотунун алты ири десанттык кемеси барган. Эксперттер мынчалык көп согуштук кеме буга чейин топтолбогонун айтышат.

Январда Орусиянын Коргоо министрлиги 140 кеменин катышуусунда бир нече машыгуу болорун жарыялаган. Иш-чара Украинанын айланасындагы чыңалуу курчуган маалда өтүп жатат.

XS
SM
MD
LG