Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:50

Кыргызстанда 61 өлкөнүн жарандарына визасыз режим иштейт


Кыргызстандын желеги.
Кыргызстандын желеги.

Кыргызстанда учурда 61 өлкөнүн жарандарына визасыз режим иштейт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) 2021-жылдагы тышкы саясий ишмердигинин негизги жыйынтыктары жөнүндөгү маалыматта айтылат.

Кыргызстан 2021-жылы 60 күндүк визасыз режимге уруксат берген өлкөлөрдүн санын дагы толуктаган. Ага Албания, Болгария, Вьетнам, Израил, Кипр, Түндүк Македония, Румыния, Таиланд, Мексика мамлекеттери кирген. Бул мамлекеттердин жарандары виза албастан Кыргызстандын аймагында 60 күн жүрө алышат.

Кыргызстандын тышкы саясат мекемеси өлкөнүн туристтик жана инвестициялык жагымдуулугун жакшыртуу максатында иш алып барып жатканын белгилейт. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG