Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:32

Маданият кызматкерлери турак жайга байланыштуу президентке кайрылды


Маданият өкүлдөрү маалымат жыйында. 10-февраль, 2022-жыл.
Маданият өкүлдөрү маалымат жыйында. 10-февраль, 2022-жыл.

Бүгүн, 10-февралда турак жайы жок, мамлекеттик маданий мекемелерде эмгектенген кызматкерлер президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасашты.

Бишкекте маалымат жыйын өткөргөндөрдүн арасында Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда, Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында, Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында эмгектенген өнөр адамдары бар.

Алар 5000 сомдон 10 000 сомго чейин айлык аларын, үйгө жетпей батир жана жатаканаларда жылдап жашоого аргасыз экенин айтып чыгышты.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда маданият кызматкерлери үчүн Бишкектин четиндеги Кара-Жыгач конушунда курулушу башталып, токтоп калган 190 батирлүү үйдү бүтүрүү үчүн 340 миллион сом бөлүп берүүнү суранышты.

Буга чейин этно-музыкант Нурбек Серкебаев баштаган кызматкерлер ушундай өтүнүч менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине кайрылган. Мекеме аларга кат менен жооп берип, 2022-жылга карата курулуш үчүн каражат бөлүнбөгөнүн билдирген.

Кыргызстанда учурда 20 миңге чукул маданият кызматкери иштейт.

Министрликтин карамагында 20 театр, 45 музей, 1035 китепкана, 87 балдардын музыкалык окуу жайы, маданият жана искусство кызматкерлерин даярдаган эки жогорку окуу жайы, сегиз орто билим берүүчү окуу жайы бар. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG