Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:24

Жонсон: Европа ондогон жылдардан берки олуттуу кризиске кептелди


Борис Жонсон жана Йенс Столтенберг. Брюссель, 10-февраль 2022-жыл
Борис Жонсон жана Йенс Столтенберг. Брюссель, 10-февраль 2022-жыл

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Орусиянын украин чегине аскерлерин тартышы Европаны ондогон жылдардан берки олуттуу кризиске кириптер кылганын билдирди.

Өкмөт башчы Брюсселде НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен биргелешкен басма сөз жыйын өткөрүп жаткан чакта британ тышкы иштер министри Лиз Трасс Москвада орусиялык кесиптеши менен сүйлөшүү жүргүздү.

Европалык лидерлер жана дипломаттар украин-орус чек арасындагы чыңалууну басаңдатуу аракетин көрүп келатышат.

Жонсон кризис эң кооптуу чекке жеткенин эскертип, Орусиянын кадамдарына туруштук берүү үчүн дипломатиялык, экономикалык жана аскердик аракеттерди чогуу көрүүгө чакырды.

Столтенберг ушул өңдүү комментарий жасап, НАТО Орусияга коркунуч жаратпасын, бирок кризисти жөнгө салуу үчүн альянс эң начар деген мазмунга даяр турууга тийиш экенин айтты.

Ал эми Москва сапарында жүргөн британ башкы дипломаты Лиз Трасс Орусияны аскерлерин Украина менен чек арадан алып кетүүгө үндөдү. Өз кезегинде орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва “шартнаама менен коркутууларды” четке кагарын, деэскалация үчүн алардын кызыкчылыктары эске алынышы жана урматталышы керектигин белгиледи.

100 миңден ашуун аскерин жана техникасын Украина менен чек арага топтогон, Беларуста масштабдуу машыгуу өткөрүп жаткан Орусия кошуна өлкөгө басып кирүүнү көздөйт деген кооптонууну четке кагууда.

Куралдуу күчтөрүн алып кетүү үчүн Вашингтон менен НАТОдон бир катар коопсуздук кепилдиктерин талап кылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG