Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:01

Пакистанда мугалим жаратканга акаарат келтирди деп өмүр бою кесилди


Жаратканга акаарат келтирген деген хинди кишинин соту алдына нааразылыкка чыккан адамдар. Пакистан. Архивдик сүрөт
Жаратканга акаарат келтирген деген хинди кишинин соту алдына нааразылыкка чыккан адамдар. Пакистан. Архивдик сүрөт

Пакистандагы сот хинди улутундагы мугалимди жаратканга акаарат келтирди деген айып менен өмүр бою абакка кести жана 300 доллар төлөөгө милдеттендирди. Наутан Лал 2019-жылдын сентябрында кармалган. Анын алдында тараган видеодо окуучулар мугалим Мухамед пайгамбарга акаарат сөздөрдү айткан деп күнөөлөшкөн. Ошондон кийин жергиликтүү молдо полицияга арызданган.

Лалдын тууганы "Машал" радиосуна айтып бергендей, анын күнөөсүн тастыктай турган күбөлөр жок. Анын айтымында, хинди жамааты мусулмандар үстөмдүк кылган аймакта коркутууларга туш болушат.

Жергиликтүү депутат, хинди азчылыгынын өкүлү Рамеш Кумар сот мусулман жамаатынын кысымы менен өкүм чыгарганын айтып, апелляция берерин билдирди.

Жаратканга акаарат келтирүү Пакистанда өтө сезимтал маселе. Андай сөздөр, иштер үчүн өлүм жазасы каралган. Далилденбеген дооматтардан улам адамдарды көчөдөн атып кетүү, тирүүлөй өрттөп салуу, ташбаранга алып өлтүрүү учурлары көп жолугат.

Өткөн декабрда сүрмө топ шриланкалык кишини уруп-сабап өлтүргөндөн кийин сөөгүн өрттөшкөн. Ал Панжаб шаарында жүргөн кезинде жаратканга акаарат келтирген деп шектелген.

Мындай айып тагылган адамдардын өлүмгө тартуу жазасы ишке ашырылбаса да, укук коргоочулар тиешелүү мыйзам жок жерден колдонуларын, кээде жеке талаш-тартыштарда пайдаланып келерин айтышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG