Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:01

ВИЧти ачкан вирусолог Монтанье көз жумду


Люк Монтанье
Люк Монтанье

Адамдын иммундук таңсыктык вирусун (ВИЧ) биринчи болуп аныктаган франциялык вирусолог, Нобел сыйлыгынын ээси Люк Монтанье 89 жашында Париждеги ооруканада көз жумду.

1983-жылы окумуштуу профессор Франсуаз Барр-Синусси менен бирге ВИЧти ачкан. 2008-жылы аларга бул ачылыш үчүн медицина жана физиология тармагында Нобел сыйлыгы ыйгарылган.

Монтанье күчтүү иммунитет "бир нече жумада" ВИЧти өз алдынча жеңе алат, аутизмге бактериялар алып келет, аны антибиотик менен дарыласа болот" деген сөздөрү үчүн илим чөйрөсүндө катуу сынга кабылып келгени бар.

COVID-19 пандемиясы маалында окумуштуу эмдөө кооптуу деп каршы чыккан.

1983-жылы америкалык илимпоз Роберт Галло дагы ВИЧти өзүнчө ачкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG