Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:31

АКШ өз жарандарына Украинадан мүмкүн болушунча тез чыгып кетүүгө кеңеш берди


АКШнын Киевдеги элчилиги
АКШнын Киевдеги элчилиги

АКШнын Мамлекеттик департаменти америкалыктарга Украинадан мүмкүн болушунча тезирек чыгып кетүү кеңешин берди.

“Орусиянын кол салуу коркунучу өскөндүгү жана COVID-19га байланышкан кырдаалдан улам Украинага барбай тургула”, - деп айтылат 10-февралдагы кеңеш-билдирүүдө.

Мамдеп кошумчалагандай, “Украинада жүргөндөр коммерциялык каттамдар же башка жолдор менен чыгып кетүүгө тийиш”.

АКШнын тышкы саясий мекемеси Орусия кошуна өлкөсүнө каршы “аскердик аракет көрө турган болсо, тоз-тополоң, кагылышуулар чыгып кетиши ыктымал” деп эсептейт.

100 миңден ашуун аскерин жана техникасын Украина менен чек арага топтогон, Беларуста масштабдуу машыгуу өткөрүп жаткан Орусия кошуна өлкөгө басып кирүүнү көздөйт деген кооптонууну четке кагууда. Бирок куралдуу күчтөрүн алып кетүү үчүн бир катар коопсуздук кепилдиктерин талап кылган.

1-февралда Мамлекеттик департамент америкалыктарды Беларуска да барбай турууну эскерткен.

Канада дагы өз жарандарына “Орусия жараткан коркунуч жана куралдуу жаңжал ыктымалдыгынан улам” Украинага баруудан кармануу кеңешин берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG