Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:06

Орусиялык спортчу Валиеванын анализинде тыюу салынган зат табылганы тастыкталды


Камила Валиева. Бээжин, 7-февраль 2022-жыл
Камила Валиева. Бээжин, 7-февраль 2022-жыл

Эл аралык тест агенттиги көркөм муз тебүүчү орусиялык Камила Валиеванын былтыр 25-декабрда тапшырган допинг-анализинде тыюу салынган триметазидин препараты табылганын бышыктады.

Эл аралык Олимпида комитети Валиеваны Бээжин оюндарына катыштыруу чечимин Спорттук арбитражда талашарын билдирди. Чечим кыз-келиндер арасындагы жарыш баштала турган 15-февралга чейин кабыл алынууга тийиш.

Орусиянын Олимпиада комитети "тест кышкы оюндар учурунда алынбагандыктан, анын командалык мелдештеги көрсөткүчү автоматтуу түрдө жокко чыгарылбашы керек" деген билдирүү жасады. Комитет белгилегендей, Валиеванын быйыл январда жана Олимпиада учурунда алынган анализдери таза болуп чыкты.

8-февралда Эл аралык допинг агенттигинин (WADA) Стокголмдогу лабораториясы орусиялык спортчунун тестинде тыюу салынган триметазидин бар болуп чыкканын билдирген. Ошондон кийин ал Орусиянын агенттиги (РУСАДА) тарабынан шарттуу түрдө мелдештерден четтетилген. Валиева ал чечимди дисциплинардык комитетте талашып, жарышка даярдануу уруксаты берилген.

Ал эми Орусиянын командалык мелдештеги жеңиши боюнча чечим Эл аралык Олмипиада комитетинин апелляциясы каралгандан кийин кабыл алынмакчы. Валиева бир нече мекендеши менен анда алтын медал уткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG