Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:55

"Азаттык" "Эрктүү элдин эгемендиги" аттуу китеп чыгарды


“Эрктүү элдин эгемендиги” “Азаттык” радиосу чыгарган бешинчи китеп.
“Эрктүү элдин эгемендиги” “Азаттык” радиосу чыгарган бешинчи китеп.

“Азаттык” радиосу Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата “Эрктүү элдин эгемендиги” аттуу китеп чыгарды. Ага 2002-жылдан бери “Азаттыктын” интернет сайтына жарыяланган маанилүү макала, маектер, талкуулар менен иликтөөлөр жана башка материалдар топтолду.

11-февралда китептин бет ачарында “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын директору Венера Жуматаева китепке Кыргызстандын эгемендик жылдарындагы тарыхый окуялар киргизилгенин айтты.

“30 жылдык эгемендик тарыхыбызда элдин келечеги үчүн маанилүү окуяларды биз кандай чагылдырдык баарын иргеп чыктык. 2002-жылдагы “Аксы окуясы”, 2005-жылдагы март, 2010-жылдагы Апрель, Июнь окуялары жана андан кийин Кой-Таш окуясы менен 2020-жылы дүйнөгө мүшкүл салган коронавирус кризиси, Кыргызстандагы 2020-жылдагы Октябрь окуяларын чагылдырганыбыз келечекте тарыхчыларга, изилдөөчүлөргө бай булак болуп берип калабы деп китеп кылып чыгардык”.

“Азаттык” – каржылык пайда көздөбөгөн, көз карандысыз “Эркин Европа/Азаттык Үналгысы” корпорациясынын кыргыз кызматы. Кыргызстанда “Азаттык Медиа” деп расмий катталган.

“Азаттык” дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы жаңылыктарды, коомдук турмуштун жана демократиялык өнүгүүнүн ар кыл жагдайларын радио, теле, Интернет, социалдык медиадагы платформалары аркылуу бейтарап чагылдырат.

“Эрктүү элдин эгемендиги” “Азаттык” радиосу чыгарып жаткан бешинчи китеп. Буга чейин маркум Азамат Алтайдын өмүр баянына арналган “Азаттык жана демократиянын жарчысы”, “Үркүн – 100: кылымдар унутулгус кыргын”, “Улан Эгизбаев: Чындык деп жанган өмүр” жана “Айтматовдун элдеги элеси” деген китептер жарык көргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG