Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:06

Кыргызстанда балдардын укугун коргоо боюнча бир айлык жарыяланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда балдардын укугун коргоо боюнча бир айлык жарыяланды. Бул тууралуу 7-февралда Бишкекте өткөн маалымат жыйында Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков билдирди.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, 2021-жылы өлкөдө 4 миңден ашуун бала оор абалда жашаганы аныкталган. Аларга жардам көрсөтүлгөн. Азыр 1500дөй баланын маселеси чечиле элек. Акыйкатчы институнунун билдирүүсүндө, өткөн жылы укук коргоо органдарына балдардын зомбулукка кабылганы жөнүндө 417 арыз түшсө, анын 118и сексуалдык мүнөздөгү укук бузуулар болгон.

Балдарды коргоо боюнча жарыяланган бир айлыктын алкагында зомбулук болушу ыктымал деген үй-бүлөлөрдү социалдык кызматкерлер кыдырып чыгышат. Азарбеков зомбулукка күбө болгондорду “115” номерине кабарлап коюуну суранат.

Кыргызстанда 18 жашка чейинки балдардын саны 2 миллион 391 миңди түзөт. Буга чейин ата-энесинен, жакын тууганынан же бала багуучудан токмок жеп, ооруканага түшкөн учурлар катталган. Социалдык тармактарда чуулгандуу видеолор жарыяланган.

3-февралда Сокулук райондук аймактык ооруканасына 1 жаш 8 айлык наристе денесиндеги көгала тактар менен алып келинген. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, баланы сабоого шектүү катары 34 жаштагы адам кармалган.

ЮНИСЕФ маалыматына ылайык, Кыргызстанда балдардын 73% үй-бүлөдөгү ташбоор мамиледен жапа чексе, 83,5% мектептеги зомбулуктун курмандыгы болот. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG