Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:34

Султанбаев Акылбек Жапаров башкарган өкмөт узак мөөнөт иштей турганын билдирди


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев “коомчулукта Акылбек Жапаров башында турган Министрлер кабинетинде кадрдык өзгөртүүлөр болот деген маалымат чындыкка дал келбейт” деп маалымат таратты.

“Акылбек Жапаров жетектеген Министрлер кабинети узак мөөнөттүү болот. Министрлер кабинетинин алдында дымактуу тапшырмалар турат. Анын ичинде өлкөнүн консолидацияланган бюджетинин ресурстук бөлүгүн 400 миллиард сомго чейин жеткирүү боюнча планын ишке ашыруу, бюджеттик тармактын кызматкерлеринин эмгек акыларын жогорулатуу жана башкалар бар”, - деп айтылат Султанбаев тараткан маалыматта.

Султанбаев “президент Садыр Жапаровдо аткаруу бийлигинин башчысы катары Министрлер кабинетинин ар бир мүчөсүнүн жекече жоопкерчилигин карап чыгуу укугу бар экенин белгилейбиз”, - деп билдирет.

Акылбек Жапаров башында турган Министрлер кабинети иштеп баштаганына 100 күн толду. Социалдык тармактарда Акылбек Жапаров кызматтан кетери тууралуу ар кандай кептар тараган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG