Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:16

Жогорку соттун төрайымы күтүүсүз кызматтан кетти


Нургүл Бакирова
Нургүл Бакирова

Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова кызматтан кетүүгө арыз жазды. Бакирова буга Баш мыйзамдын өзгөргөнүн себеп катары көрсөткөн. Бийликтин бир бутагынын жетекчисинин күтүүсүз отставкасы түрдүү жоромолдорго жол ачты.

Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетерин 31-январда жарыялады. Мекеме тараткан кыска билдирүүдө Бакированын отставкасы жаңы Конституцияда төраганы шайлоо тартиби өзгөргөнүнө байланыштуу экени белгиленген.

Аталган органдын басма сөз кызматынын өкүлү Изати Шүкүралиева сот төрайымынын жумушун тапшырынын себебин төмөнкүчө түшүндүрдү:

"Жаңы кабыл алынган Конституцияда Жогорку соттун төрагасын шайлоо тартиби толук өзгөртүлгөн. Буга чейин төрага Жогорку соттун судьялары тарабынан үч жылдык мөөнөткө шайланып келсе, жаңы Конституция боюнча Соттор кеңешинин сунушунун негизинде, Жогорку Кеңештин депутаттарынын макулдугу менен президент тарабынан беш жылдык мөөнөткө дайындалат. Ошол себептен Нургүл Бакирова кызматын өз каалоосу менен тапшыруу жөнүндө чечим кабыл алды".

Азырынча президент Садыр Жапаров Жогорку соттун төрайымы боюнча жарлыкка кол кое элек.

Нургүл Бакирова Жогорку соттун төрайымдыгына былтыр апрелде шайланган. Ага чейин төрайымдын орун басары болуп иштеп турган. Мындай жол менен Бакированын мекемени башкарууга дагы эки жылдык убактысы бар болчу.

Өлкөдөгү бийлик бутактарынын биринин башчысынын күтүүсүз отставкасы коомчулукта ар кыл жоромолдорго жол ачты.

Жогорку соттун төрагылыгына бийликке жакын адамдар барышы мүмкүн экени айтылып, а түгүл алардын ысымдары да аталып жатат. Бул маалыматтар расмий түрдө бышыктала элек.

Ошол эле учурда Жогорку соттогу айрым булактар Бакирова ишине сырттан кийлигишүүлөргө жооп катары кызматын тапшырды деген версияны айтып жатышат.

Бакирова деле бийликтин айтканынан чыгып, өз алдынча аракет кылууга батынган жок деген пикирлер да бар. Өлкөдө сот реформасы ишке ашпаганын сындап келгендер Бакирова деле соттун көз карандысыздыгын камсыздай албады деген баа берүүдө.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, саясатчы Клара Сооронкулова буларга токтолду.

Клара Сооронкулова судья кезинде
Клара Сооронкулова судья кезинде

"Бийликке өтө эле лоялдуу иш алып барды. Бийликке керектүү иштердин баары бүткөрүлдү. Турган чечимди көзгө илбей, бир катар адамдар Жогорку соттон акталды. Менин пикиримде, Бакирова жаңы мыйзамга ылайык, кайрадан Жогорку соттун төрайымдыгына дайындалышы деле мүмкүн. Анда мөөнөтү узарып калат. Мен муну четке кага албайм", - деди ал.

Нургүл Бакирова сотту башкарып турган тогуз айга жакын убакытта өлкөдө парламенттик шайлоо өтүп, бир катар саясатчыларга карата кылмыш иштери козголуп, камакка алуулар болду. Маселен, БШК мыйзам бузду деп депутаттыкка талапкерликтен четтеткен Талант Мамытов, Медербек Саккараев сыяктуу саясатчылар боюнча сот чечими абдан көп талкууларга жол ачкан эле.

Буга чейин Жогорку соттун төрайымынын кеңешчиси болуп иштеп келген журналист Ибраим Нуракун уулу жетекчиси төрайымдыкты биротоло тапшырганын айтууда. Ал Нургүл Бакирова коомчулуктагы соттун кадыр-баркын көтөрүүгө бир топ аракет кылганын билдирди:

Ибраим Нуракун уулу
Ибраим Нуракун уулу

"Көз карандысыз иштегенге аракет кылды. Бул чоң система, бир адамга байланыштуу болбойт. Эң негизги принциби катары мыйзамдуулукту сактоого өзгөчө басым жасады. Башынан эле ар бир судья өз алдынча иштейт жана ага өзү жооп берет деген принциби бар экен. Ошону сактады".

Нургүл Бакирова кызматын тапшырганы менен Жогорку соттун судьясы болуп иштей берет.

Баса, Нургүл Бакировага чейинки Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева да өз мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырууга аргасыз болгон. Калиевага карата 2020-жылы УКМК иликтөө баштаган. Ал "Жергиликтүү сот" долбооруна байланыштуу коррупциялык ишти иликтөөнүн алкагында сурак берген.

Нургүл Бакирова ким?

49 жаштагы Нургүл Бакирова Кыргыз Улуттук университетинин Укук таануу факультетин аяктаган соң эмгек жолун прокуратура органдарында иштөөдөн баштаган. Кийин билим берүү тармагында эмгектенген. Сот системасына 2003-жылы келип, алгач Ош шаардык сотунда, кийин Ош облустук сотунда судья болуп 2013-жылга чейин иштеген.

Мындан соң сот системасынан кетип, адегенде жеке юридикалык компанияны жетектеп, эки жылга жакын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде бөлүм башчылыкты да аркалаган. Жогорку соттун судьялыгына 2018-жылы дайындалган, башкы соттун төрайымынын орун басары болуп да иштеген.

Нургүл Бакирова 2015-жылкы парламенттик шайлоодо "Ата Мекен" партиясынын тизмесине кирип ат салышкан. Аны менен кошо шайлоого катышкандардын айтымында, ал "Ата Мекенге" "Улуттар Биримдиги" партиясынын квотасы аркылуу келген. Ал жылы аталган эки саясий уюм шайлоого бирге катышкан.

Жогорку соттун судьясы катары Бакированын аты буга чейин коомчулукка көп деле белгилүү эмес болчу. Бир гана жолу анын ысымы былтыр октябрь окуяларынын тушунда маалымат каражаттарында аталган.

Тагыраагы, 2020-жылдын 6-октябрында Жогорку сот мурдагы түнү тарапкерлери абактан бошоткон азыркы президент Садыр Жапаровдун "Адамды барымтага алуу" беренеси боюнча мурдагы сот чечимдерин жокко чыгарып, ишти сотко чейинки өндүрүшкө Башкы прокуратурага жөнөткөн.

Ушул чечимди чыгарган соттук коллегиянын курамына Нургүл Бакирова, Кеңешбек Токтомамбетов жана Нурмамбет Эшалиев кирген.

Кийин анын Жогорку сотко төрайым болуп шайланганын ушул чечими менен байланыштыргандар болгон, бирок мындай маалыматтарды Бакирова четке кагып келген.

Кечиккен реформа, кенен маяна

Жогорку соттун төрайымынын кызматтан кетиши Кыргызстанда соттордун айлык-маянасына байланыштуу талкуулар жүрүп жаткан учурга туш келди. Буга чейин Кыргызстандын Финансы министрлиги 2021-жылы президент чыгарган жарлыктын аткарылышы жөнүндө маалыматтарды сайтына жайгаштырды. Ага ылайык, өткөн жылы соттордун айлыгы орто эсеп менен 81 миң сомдон 160 миң сомго чейин жогорулаганы көрсөтүлгөн.

Президент Садыр Жапаров, Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова баштаган өлкө жетекчилери расмий иш-чарада
Президент Садыр Жапаров, Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова баштаган өлкө жетекчилери расмий иш-чарада

Бирок бул маалыматты Жогорку соттун басма сөз кызматы төгүндөдү. Анда былтыр 1-июлдан тартып маяна көбөйгөнү, инстанцияларга жараша судьялар учурда 46 миң сомдон 60 миң сомго чейин алары айтылат. Негизги айлыкка ар кандай кошумча төлөмдөр бар экени белгиленген.

Кыргызстанда сот системасы коомчулуктагы сындын бутасында турган тармактардын бири. Буга чейин үч ыңкылаптын негизги себептеринин бири катары сот адилетсиздиги аталып келген.

Өлкө башына келген ар бир президент сот реформасын ишке ашырууну убада кылып, бирок коомчулукта анын жыйынтыгы сезилбей жатканы көп айтылат. Айрыкча, акыркы жылдары сот системасы президенттик бийликтен көз каранды болуп, маанилүү чечимдер ич ара макулдашылганы улам көтөрүлүп келет.

Былтыр октябрдан соң өлкө башына келген Садыр Жапаров да сот реформасын ишке ашырууну убада кылган. Ал президенттикке чейин бир нече жыл сот адилетсиздигинин запкысын чеккенин айтып, бул тармакта өзгөрүүлөр болоруна басым жасаган.

Соттордун айлык-маянасын көтөрүү тармактагы жемкордукту азайтуу жана көз карандысыздыгын бекемдөө аракети менен түшүндүрүлгөн.

Ошентсе да Садыр Жапаров бийликте турган бир жыл аралыгында сот реформасын ишке ашырууга аракет байкала электигин байкоочулар билдирип келишет.

Кыргызстандын 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамына ылайык, Жогорку соттун төрагасын судьялар тандачу. Былтыр ишке кирген Конституцияга ылайык, Жогорку соттун төрагасын парламенттин макулдугу менен президент дайындайт.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG